00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Утро хорошего дня
Комнатные цветы: особенности ухода и экзотические виды
06:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 07:00
07:00
3 мин
Күн башат
Петербург эл аралык форуму эң ири экономикалык аянтчага айланды — кызматташтык жаңы деңгээлде чыкты
07:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Утро хорошего дня
Как избежать конфликтов на работе - советы психолога
08:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Кыргызстандагы жана ЕАЭБдеги эмгек миграциясы кандай өнүгүп жатат — демографиялык саясат кантип жөнгө салынышы керек?
09:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Ситуация с ценами на закуп молока. Фермеры против молокозаводов
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канткенде арзан жол кире төлөсө болот? Мэрия жол-жобосун түшүндүрдү?
13:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Дыйкандарды жүдөткөн чегиртке — Зыянкечтер менен күрөш кандай жүрүүдө?
13:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
On air
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Сайтка саресеп
On air
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Табалды Эгембердиевдин үй-бүлөсү кыргыз элине ыраазычылык билдирди

© Фото / предоставлено пресс-службой ЗАО "Шоро"Табылды Эгембердиев. Архив
Табылды Эгембердиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайрылууда Эгембердиевдин жасап үлгүрбөй калган иштерин балдары уланта турганы айтылат.

БИШКЕК, 30-июнь — Sputnik. Белгилүү коомдук ишмер, айтылуу "Шоро" компаниясынын, "Супара" этнокомплексинин негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевдин үй-бүлөсү ал каза болгон учурда колдоо көрсөткөн кыргыз элине ыраазычылык айткан билдирүү таратты.

Бүгүн Эгембердиевдин өлгөнүнө кырк күн болду. 

Мен үчүн эң оор күн - жекшемби. Кылар иш жок күн. Адам иштегенде гана жашайт деп ишенем. - Sputnik Кыргызстан
Табылды Эгембердиев сүрөттө: пландар көп, атаңдын көрү, үлгүрбөй каламбы деп корком
"Оор кайгыдан арылбай, жоготуунун азабын тартып, жан кыйналып турган ушул күндөрү кулунунан айрылып боздоп калган энесине, өмүрлүк жарынан айрылып кан какшап турган жубайына, маңдайынан сылап турган атасынан ажырап, айлалары түгөнүп сыздап турган балдарына акыл-кеңешин айтып, ой-максаттарына канат-бутак болгон бир туугандарына, ар дайым үмүт-тилектерине арка-бел болгон жакындарына, кайрат айтып, кайгыбызды жеңилдетип, ыза-муңубузду тең бөлүшкөн эл-журтубузга терең ыраазычылык билдиребиз", — деп айтылат кайрылууда.

Маркумдун үй-бүлөсү Эгембердиев тууралуу айтылып-жазылгандар көңүл жылытып, көз жашты басып, көксөө суутканга жардам бергенин белгилейт.

"Атам өлсө өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн" деген элдин сөзүн эстедик. Атабыздын артында эл үчүн жасаган көптөгөн иштери калганын билдик. Ал элдин уулу болуптур", — дейт маркумдун үй-бүлөсү.

Кайрылууда Эгембердиевдин жасап үлгүрбөй калган иштерин балдары уланта турганы айтылат.

Белгилүү коомдук ишмер, айтылуу "Шоро" компаниясынын, "Супара" этнокомплексинин негиздөөчүсү, публицист Табылды Эгембердиев 16-апрель күнү узакка созулган оорудан улам 64 жашында каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0