![Койду кантип туура устукандоо керек Койду кантип туура устукандоо керек - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/images/07e5/05/15/1052561661.png)
Устукан тартуу кыргыздын тамак-аш маданиятына гана эмес, социалдык карым-катнаштын негизин түзүүчү улуу-кичүү, аял-эркек, тууган-дос мамилелерин, алардын ордун чагылдырган олуттуу көрүнүш. Ушундан улам дасторкондо кайсы устуканды кимге тартуу керектигин билип алуу, өзгөчө бүгүнкү жаштар үчүн орчундуу маселе экени талашсыз. Сунушталган инфографика кыргыздын салт-маданияты жөнүндөгү билимиңизди кеңейтүүгө көмөкчү болот деген ишеним чоң.