00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
On air
12:57
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:05
39 мин
17:56
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
18:55
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:05
38 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкекте өткөн "KGтай" жаш таланттардын эл аралык фестивалына жети өлкөдөн балдар келди. Кандай өнөрлөрдү тартуулашты?
13:34
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Конго-крым гемморагиялык оорусу кайра кайтып келеби?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
Минздрав проведет исследование для определения распространенности гепатитов В, С и ВИЧ-инфекции. Для чего это нужно?
16:05
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Акча топтоо. Адам акча топтоодо кандай аракеттерди көрүү керек?
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Угрозы безопасности странам ОДКБ: какие меры нужно предпринять, чтобы более эффективно им противостоять
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Туугандары жок экенине арман кылган. Саякбай Каралаевди эскерүү
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Торговцы против ККМ – как мотивировать малый бизнес выходить из тени
20:06
43 мин
Ачык кеп
Конго-крым гемморагиялык оорусу кайра кайтып келеби?
23:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жапаров: адам укугун жана эркиндигин сактоо менен абалды өзгөртө алабыз

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2021
Жазылуу
Президент укуктук мамлекетти мындан ары да өнүктүрүү бардык бийлик органдарынын жалпы максаты экенин белгиледи.
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Адам укугун коргоонун эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду.
Мамлекет башчы 1948-жылдын 10-декабрында Бириккен Улуттар Уюму тарабынан алгачкы эл аралык документ — Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынганын эске салды. Анда инсандын негизги укуктары жазылып, алар менен бирге эркиндигин да коргоонун негизги принциптери түзүлгөнүн белгилеген.
"Азыркы учурда аталган документ жана анын жоболору мамлекеттин демократиялык негиздерин бекемдөөдө чечүүчү ролду ойнойт. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, күчүнө кирген эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери өлкөнүн мыйзамдар тутумунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Бүгүн биз жашообузду адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигин коргоодогу демократиялык баалуулуктарсыз элестете албайбыз", — деди Жапаров.
Ошондой эле президент динине, жынысына, улутуна, тилине, саясий көз карашына карабастан, ар бир кыргызстандыктын укугу менен эркиндигин камсыз кылуу жана коргоо Конституция менен кепилденгенин кошумчалады. Мындай укуктук мамлекетти андан ары өнүктүрүү — Кыргызстандын бардык бийлик бутактарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жалпы максаты экенин билдирди.
Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2021
Садыр Жапаров коррупция менен күрөш эмнеге натыйжа бербей жатканын түшүндүрдү
"Чыныгы укуктук коомду курууга багыт алган жолду жеңил деп айтууга болбойт. Ар бирибиз экономикасы туруктуу жана социалдык саясаты өнүккөн мамлекетти курууга өбөлгө түзүү үчүн бардык күчүбүздү жумшашыбыз керек. Биз күч-аракетибизди бириктирип, Кыргызстан жарандарынын укуктарын жана эркиндигин сактоо аркылуу гана абалды жакшы жагына өзгөртө алабыз деп ишенем", — деп кайрылды мамлекет башчы.
Соңунда Жапаров кыргызстандыктарга чын ниетинен тынчтык, ден соолук, бакубаттык жана эртеңкиге болгон ишеним каалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0