Жогорку Сот адвокат Замир Жоошев менен Сергей Слесаревдин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Алмазбек Атамбаевдин кылмыш ишин кайра кароо боюнча өтүнүчүн канааттандырды. Чечим даттанууга жатпайт.
Ага ылайык, бүгүн, 14-февралда, саат 17:30да Атамбаев Молдовановкадагы №27 абактан чыкты.