Суунун бишкектиктердин үйүнө кантип келерин баяндаган инфографика
21:50 02.08.2023 (Жаңыртылды: 12:55 03.08.2023)
© Sputnik_InfographicsСуунун бишкектиктердин үйүнө кантип келерин баяндаган инфографика
![Суунун бишкектиктердин үйүнө кантип келерин баяндаган инфографика Суунун бишкектиктердин үйүнө кантип келерин баяндаган инфографика - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2023](https://sputnik.kg/img/07e7/08/02/1077499906_0:178:2001:1304_1920x0_80_0_0_5965619ba1112d6fcf0a537d51a92e3b.jpg)
© Sputnik_Infographics
Жазылуу
"Бишкек суу канал" ишканасынан адистер Sputnik Кыргызстандын кабарчысына суунун шаардыктардын үйүнө кантип келерин айтып беришти.
Бишкек калаасын "Орто-Алыш" жана "Ала-Арча" деп аталган артезиан суусу чыккан аймактар камсыздайт. Мөңгү жана жамгырдын суусу Аламүдүн, Ала-Арча жана башка дарыяларга түшөт да, жерден сарыгып отуруп, тагыраагы, табигый чыпкалагычтан өтүп, артезиан суусун пайда кылат.
© Sputnik_InfographicsЖер алдындагы суулардын топтолушу
![Образование подземных вод Образование подземных вод - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2023](https://sputnik.kg/img/07e7/08/02/1077498949_0:0:2001:1481_1920x0_80_0_0_5668bc217fba58fe8aca232e81e171c6.jpg)
Жер алдындагы суулардын топтолушу
© Sputnik_Infographics
Алгач аны биринчи деңгээлдеги көтөргүчтөгү насостун жардамы менен 200-250 метрден алып чыгышат. Андан соң суюк хлор (хлорка менен алмаштырып албаңыз) менен зыянсыздандырышат.
© Sputnik_InfographicsНасостор жер алдындагы сууларды резервуарга соруп чыгарат
![Насосы выкачивают подземную воду в резервуар Насосы выкачивают подземную воду в резервуар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2023](https://sputnik.kg/img/07e7/08/02/1077499133_0:0:2001:1481_1920x0_80_0_0_4a1398d2c2172f517fbd50665c20e933.jpg)
Насостор жер алдындагы сууларды резервуарга соруп чыгарат
© Sputnik_Infographics
Орто-Алыш суу алгычында да кум тунуучу курулуштар бар. Бул жол менен сууну андан аркы тазалоого даярдашат. Бир катар суу кампаларында бактерициддик дезинфекциялоочу жайлар бар.
© Sputnik_InfographicsЗыянсыздандырылган суу
![Обеззараживание воды Обеззараживание воды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2023](https://sputnik.kg/img/07e7/08/02/1077499316_0:0:2001:1481_1920x0_80_0_0_357626c47919a073da0fba2ef466704b.jpg)
Зыянсыздандырылган суу
© Sputnik_Infographics
Үчүнчү этапта түтүктөр аркылуу шаарга жеткирилип, экинчи деңгээлдеги көтөргүч насостук станцияларга куюлат.
© Sputnik_InfographicsЖалпы системага берүү
![Подача в общую систему Подача в общую систему - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2023](https://sputnik.kg/img/07e7/08/02/1077499497_0:0:2001:1481_1920x0_80_0_0_fde0cd81141ffb2025661d83b9f55b60.jpg)
Жалпы системага берүү
© Sputnik_Infographics
Андан ары куурлар менен агып жүрүп отуруп, аны бир, эки кабатка чыгарууга болот. Ал эми көп кабаттуу үйлөргө алып чыгуу үчүн үчүнчү деңгээлдеги көтөргүч насостук станциялар каралган.
© Sputnik_InfographicsСуунун үйлөргө жетиши
![Вода поступает в дома Вода поступает в дома - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2023](https://sputnik.kg/img/07e7/08/02/1077499678_0:0:2001:1481_1920x0_80_0_0_e6df945f2c25042bde888acd1fd7f7e1.jpg)
Суунун үйлөргө жетиши
© Sputnik_Infographics