00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
On air
12:57
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:05
39 мин
17:56
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
18:55
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:05
38 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Конго-крым гемморагиялык оорусу кайра кайтып келеби?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
Минздрав проведет исследование для определения распространенности гепатитов В, С и ВИЧ-инфекции. Для чего это нужно?
16:05
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Акча топтоо. Адам акча топтоодо кандай аракеттерди көрүү керек?
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Угрозы безопасности странам ОДКБ: какие меры нужно предпринять, чтобы более эффективно им противостоять
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Туугандары жок экенине арман кылган. Саякбай Каралаевди эскерүү
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Торговцы против ККМ – как мотивировать малый бизнес выходить из тени
20:06
43 мин
Ачык кеп
Конго-крым гемморагиялык оорусу кайра кайтып келеби?
23:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Алымкадыр Бейшеналиев Рысбек Акматбаев менен байланышта беле? Министрдин жообу

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаСаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архивдик сүрөт
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2024
Жазылуу
Бейшеналиев дарыгер болуп жүргөндө депутат, министр, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө да операция жасаганын айткан.
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев депутат Жусупбек Коргонбай уулунун уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар деген айыптоолоруна жооп берди.
Эл өкүлү Жогорку Кеңештин жыйынында министр "мыйзамдагы ууру" Рысбек Акматбаевге операция жасаганын, мындан улам УКМК Бейшеналиевди жоопкерчиликке тартыш керектигин айткан.

"Черный хирург" деген каймана аты бар экен. Кримтөбөл Рысбек Акматбаевди жана башка кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жашыруун түрдө операция кылып жүргөн. Бул министр болуп келгенден бери эле ооруканаларда эне-балдар өлүп жатат. Кадрдык башаламандык болууда. Президентке аконит жасап берсе эле кыйынмын деп ойлобосун. Парламентке чакыралы, өлүмдөр көбөйүп жатканына жооп берсин", — деген эл өкүлү.

Бейшеналиев Ахунбаев атындагы клиникада иштеп жүргөндө чындыгында абактагыларга да операция жасаганын айтып, бул дарыгердин милдети экенин белгиледи.
"Хирург болуп иштеп жүргөндө депутатына да, министрине да, түрмөдөгүлөрүнө да операция жасагам. Алардын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болушу ыктымал. 47-колония Ахунбаев атындагы клиниканын камкордугунда экени эч кимге жашыруун эмес. Анда анестезиолог, хирург, кардиолог, уролог, невропатологдордун баары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышта болуп калабы? Рысбек Акматбаевди билчү эмесмин, ага операция да жасаган эмесмин", — деген Бейшеналиев.
Ал министр болуп турганда Жусупбек Коргонбай уулу өз адамдарын түштүк аймактарда үй-бүлөлүк медициналык борборлорго жана ооруканаларга директордун ордуна сунуштаганын айткан.

"Депутат сунуштаган кадрлар бул кызматка туура келбегендиктен баш тарткам. Анын адамдары депутат айткан мекемелерде ага чейин иштеген эмес. Анын үстүнө алар менен иштешип көргөм, деңгээлдерин билем", — деди министр.

Кылмыш ишинин документтери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2024
Жасаган кылмыш убакыт өтсө "унутулуп" калбайт. Мыйзамга өзгөртүү кирди
Жаңылыктар түрмөгү
0