00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
On air
12:57
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:05
39 мин
17:56
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
18:55
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:05
38 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
On air
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Сайтка саресеп
On air
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Орус тили биздин келечек муун үчүн өтө маанилүү. Кыргыз тили эне сүтүбүз менен каныбызга сиңген, өмүр өткөнчө унутпайбыз. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 7-каналга маек куруп жатып билдирген. Анын айтымында, кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн башка тилдерди коомдун күнүмдүк турмушунан азайтуу адашкандык. "Тил маселесине келгенде терең ойлонуу менен мамиле кылышыбыз кажет. Мен ачыгын айтайын, кыргыз тилин өнүктүрүү же сактап калуу үчүн башка тилдерди коомубуздун күнүмдүк турмушунан азайтуу — адашкан пикир. Себеби башка тилдер болбосо кыргыз тили да өнүкпөйт. Биздин келечек муун кыргыз тили менен эле бирге башка тилдерди да билиши керек", — деген Ташиев. Ошондой эле университетке окуу үчүн Россияга жаңы барганда тилден кыйналганын айткан.
Нарындын 1 245 адам жашаган Жалгыз-Терек айылында таза суу үйлөргө чейин киргизилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Маалым болгондой, аталган айылда таза суу көйгөй жаратып келген. Буга чейин тургундар убакыт-сааты менен иштеген водопроводдон суу алып келишкен. "Долбоордун алкагында скважина бургуланып, суу топтоочу мунара курулду. Ошондой эле таза суу системасынын инфратүзүмү толугу менен бүткөрүлүп, бардык үйлөргө суу тартылды", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле таза суу менен камсыздаган муниципалдык ишканаларга компьютердик жабдуулар, шаймандар, атайын техникалар алып берилгени кошумчаланды.
Жалал-Абад дубанынын аймагында "эскерүү бактары" отургузулганын Россиянын Оштогу илим жана маданият борбору ("Русский дом") билдирди. Ардагерлер, дин уюмдарынын өкүлдөрү, окуучулар, студенттер "Жеңиш" аянтына 100 түп көчөт отургузушту. Аталган жай Улуу Жеңиш күнү — 9-Майга карата реконструкцияланмакчы. Аянтта Өчпөс от күйүп, Белгисиз жоокердин айкели тургузулат. Андан сырткары, Жалал-Абаддагы мектептердин биринин аймагына да мөмө бере турган бактардын көчөтү тигилген.
КМШнын ТИМ жетекчилеринин кеңешинин катышуучулары бүгүнкү отурумда эл аралык террорчулук менен күрөшүүдө күчтөрдү бириктирүү зарылдыгын белгиледи. Бул туурасында Шериктештиктин башкы катчысы Сергей Лебедев айтканын РИА Новости жазды. "Сүйлөгөндөрдүн баары (тар форматтагы жолугушуу — ред.) терактыга ("Крокус сити холлдогу" — ред.) байланыштуу Россия тарапка көңүл айтып, эл аралык террорчулук менен күрөштө биздин күчтөрүбүздү бириктирүү зарылдыгын белгилешти", — деген башкы катчы. Лебедевдин айтымында, жыйындын катышуучулары террорчулук улутка карабастыгын белгилешкен. "Терактыны колдонуу менен өлкөбүздөгү элди бөлүп-жарууга жасалган кандай гана аракеттер болбосун каршы турушубуз керек. Террорчулук менен күрөшүүдө күчтөрдү бириктирип, өз ара иш алып баруу, кызматташууну активдештирүү сунушун Шериктештиктеги өлкөлөрдүн делегация башчылары колдоду", — деген Лебедев. Эске салсак, Минскиде КМШ өлкөлөрүнүн ТИМ башчыларынын кеңешинин жыйыны өтүп, алар ар кыл тармактагы кызматташуу маселелерин талкуулашкан. Кийинки жыйын 7-октябрда Москвада болмокчу.///ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 89 сом 12 тыйынга 1 евро 95 сом 72 тыйынга 1 рубль 95 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
**МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 62 сом 50 тыйындан баштап, 63 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 70 сом 70 тыйындан, дизель майы 72 сом 80 тыйындан, ал эми унаа газынын литри 32 сом 70 тыйындан сатылууда.
АБА ЫРАЙЫИшемби күнү күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облусунун айрым, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөнүнүн көпчүлүк жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй менен Таласта +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22...+27, Ысык-Көлдө +14...+19 жана Нарын жергесинде +16...+21 градус жылуу болот. Бул күнү Ош калаасында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы Бишкекте +20...+22, Ошто +25...+27 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0