Путин: Байкал-Амур магистралы бүткүл Евразия үчүн ишенимдүү транзиттик маршрут

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүВладимир Путин БАМ курулушунун башталышынын 50 жылдыгына арналган иш-чарада
Владимир Путин БАМ курулушунун башталышынын 50 жылдыгына арналган иш-чарада  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2024
Жазылуу
Бүткүл союздук бул курулушка кыргызстандыктар да катышкан.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Байкал-Амур магистралы — бүткүл Евразия үчүн ишенимдүү транзиттик маршрут. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин БАМ курулушунун башталышынын 50 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.
Анын айтымында, магистраль Чыгыш Сибирь менен Ыраакы Чыгышты өнүктүрүүдө чоң роль ойноп, пайдалуу кендерди иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн.
"БАМ Россиянын экономикасына Азия-Тынч океан аймагынын рынокторун ачууга жардам берип, бүткүл Евразия үчүн ишенимдүү транзиттик маршрутту камсыз кылды. Транссибирь темир жолу менен байланышта болгон магистраль өлкө үчүн эле эмес, дүйнөлүк маанидеги транспорттук коридор да болуп калды", — деген Путин.
Эске салсак, бүткүл союздук бул курулушка кыргызстандыктар да катышкан.
Жогорку ылдамдыктагы электр поездинин модели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2024
Жогорку ылдамдыкта жүрүүчү Москва — Петербург поезд жолу курулат
Жаңылыктар түрмөгү
0