Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Радио алып баруучу эфирде маек алуунун сырлары менен бөлүштү

© Sputnik / Жоомарт УраимовSputnik Кыргызстан радиосунун алып баруучусу жана редактору Айтурган Сатиева
Sputnik Кыргызстан радиосунун алып баруучусу жана редактору Айтурган Сатиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2024
Жазылуу
Сатиева эфирдин, микрофондун сүрү болорун айтып, келген конокту колдоп отуруу зарылдыгын белгилеген.
БИШКЕК, 24-апр.— Sputnik. Sputnik Кыргызстан радиосунун алып баруучусу жана редактору Айтурган Сатиева Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы мастер-класста радиоэфирде маек алуунун сырлары менен бөлүштү.
SputnikPro долбоорунун алкагындагы мастер-класс Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өтүп, Бишкек, Оштогу жогорку окуу жайлардын журналистика тармагында билим алган студенттери катышты.
Сатиева журналистте уюштуруучулук сапат сөзсүз болушу керектигин айтып, радиого практикага келгенде да эң биринчи ушул жөндөмгө басым жасаларын белгилеген. Журналист болом дегендер конокту чакырганды үйрөнүп алган соң кийинки этапка өтсө болот.
"Эфирге келе турган конок журналисттин болгон байлыгы болот. Ошондуктан биринчи кезекте сиз чакырган спикер ал теманы жакшы билерине көзүңүз жетиши керек. Анын башка маектерин окуп, чыгарылыштарын көргөн соң гана чакырыңыз. Чакыргандан кийин дагы эфирге чейин сөз боло турчу теманы жай эле сүйлөшүп, спикерди даярдап алган оң. Сөзсүз алдын ала суроо түзүп алгыла. Маселен, жарым сааттык эфирге 10 суроо түзүп алсаңар жок дегенде бешөөнү бересиңер", — деген ал.
Сатиева эфирдин, микрофондун сүрү болорун айтып, келген конокту колдоп отуруу зарылдыгын белгилеген. Ошондой эле эфир алдында үн жаздырган техниканы, үн, видеону текшерип коюу керектигин эскертти.
SputnikPro мастер-класстары Армениядан Индияга, Грециядан Кытайга чейинки мамлекеттерде өттү. 2018-жылдын март айынан бери иш-чарага 80 мамлекеттен 10 000 адам катышты.
Sputnik Кыргызстан радиосунун алып баруучусу жана редактору Айтурган Сатиева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2024
Пресс-борбор
Журналист үчүн продюсерлик шык да керек. Радиоэфирдин кандай сырлары бар
Жаңылыктар түрмөгү
0