Матвиенко: иштеткен тарап мигранттарга шарт түзүп бериши керек

© Sputnik / Рамиль СитдиковФедерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко РИА Новостиге берген интервьюсунда
Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко РИА Новостиге берген интервьюсунда  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2024
Жазылуу
Федерация кеңешинин төрайымы Россиянын миграциялык саясатта көп нерсени өзгөртүшү керектигин белгилеген.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Мигранттар үчүн Россиянын мыйзамдарын, баалуулуктарын, салтын үйрөткөн даярдоочу борборлорду уюштуруу керек. Бул туурасында Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко РИА Новостиге берген интервьюсунда сөз кылган.
Мигранттарды иштетебиз деп чакырган тарап алардын жашоосуна шарт түзүп, айлыгын маселе жаратпай төлөп бериши жана чөйрөгө көнүп кетишине көмөк көрсөтүшү зарылдыгын айткан.
Ал учурда миграция тармагында жумушчуларды башка мамлекеттен алып келген далдалчылар, мыйзамсыз иш алып баргандар, жарым-жартылай криминалдашкан түзүмдөр да бар экендигин белгилеген.
"Андыктан миграцияны мамлекеттер аралык деңгээлге көтөрүш керек. Анын үстүнө бизде шериктештиктеги өлкөлөрдө көбүрөөк эмгек ресурстарын жөнөтчү тиешелүү макулдашууларыбыз бар", — деген Матвиенко.
Спикер Россияга башкалардын киришине тыюу салууга мүмкүнбү деген суроого анткенге түк болбостугун айтып жооп берди.
"Минткенге такыр болбойт, өзүн-өзү жаап алган кадамга эч качан барбайбыз. Андыктан миграциялык саясатта көп нерсени өзгөртүшүбүз керек", — деп белгилеген Федерация кеңешинин төрайымы.
Россияда Яндекс.Лавка кызматында иштеген мигрант. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2024
Путин: биздин коомго аралашып кетиши үчүн мигранттарга кам көрүш керек
Жаңылыктар түрмөгү
0