Чет элдиктерге Көлдө туробъектилерди ижарага алууга уруксат берүү сунушталды

© Sputnik / Михаил ДудинЫсык-Көлдөгү "Золотые пески" пансионатынын пляжы. Архив
Ысык-Көлдөгү Золотые пески пансионатынын пляжы. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Чет өлкөлүктөргө Ысык-Көлдөгү туристтик объектилерди ижарага алууга уруксат берүү сунушталууда.
Депутаттар Балбак Түлөбаев, Бактыбек Сыдыков, Элмурза Сатыбалдиев демилгелеген "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.
Документ менен Сыдыков тааныштырып, аталган өзгөртүүлөр курорттук-рекреациялык аймакка жана жалпы эле республикага чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Мыйзам долбооруна ылайык, министрлер кабинети тарабынан аныкталган тартипте чет өлкөлүктөргө рекреациялык объектилер жана туристтик инфраструктуралар убактылуу пайдалануу укугу берилиши мүмкүн.
Жыйындын жүрүшүндө депутаттар рекреациялык объектилерге эмнелер кирерине кызыгып, жер чет өлкөлүктөрдүн менчигине өтүп кетпейби деп суроо салышты. Ага жооп кылган Бактыбек Сыдыков рекреациялык объектилерге эс алуучу, ден соолукту чыңдоочу, туризм үчүн пайдаланылуучу конок үйлөр, коттедждик шаарчалар, эс алуу үйлөрү жана башка объектилер кирерин, ал эми жер тилкеси буга кошулбай турганын айтты.
"Учурда чет өлкөлүк КР жаранынан "кызыл китеби" бар жер тилкесин сатып алса, автоматтык түрдө Мамкаттоодон "жашыл китепке" айланат. Ал жерден мөөнөтү жана ижарасы белгиленет. Азыр деле ошондой процедура менен кетет", — деди Сыдыков.
Натыйжада аталган мыйзам долбооруна добуш берилип, катталган 70 депутаттын 55и — макул, үч эл өкүлү каршы болду.
Биология илимдеринин кандидаты, экология жаатында эксперт Нурзат Тотубаева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2024
Радио
Тотубаева: Ысык-Көлдүн жалпы ресурсунун 50%ын пайдаланып койдук
Жаңылыктар түрмөгү
0