Бишкекте кулаган тик учак: жабыркаган учкуч дарыланып Кыргызстанга кайтты

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүОорукананын палатасы. Архив
Оорукананын палатасы. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2024
Жазылуу
Дарыланган аскерлердин да саламаттыгы жакшырып, жакын арада ооруканадан чыгарылары айтылды.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Коргоо министрлигинин жыл башында тик учагы кулаганда жабыркап, кийинчерээк Түркияга дарыланууга жөнөтүлгөн аскерлердин бири Кыргызстанга кайтып келгенин Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
2024-жылдын 17-январында эртең менен Бишкектин батыш тарабында Ми-8МТВ үлгүсүндөгү тик учак окуу-машыгуу учурунда №23565 аскердик бөлүктүн аймагына кулаган. Кырсыктан экипаждын 29 жаштагы командири Жайыл Самудинов каза таап, 10 аскер жабыркаган. 3-февралда президенттик Ту-154 борту менен жарадар болгондордун экөө ЖЭБдеги жарылуудан күйүк алган үч адам менен кошо Түркияга дарыланууга жиберилген.
"Аскердик учкуч Б.М. Адана шаарында көпкө дарыланып, Түркиянын дарыгерлеринин сунушу менен ооруканадан чыгарылган. Ден соолугун толук калыбына келтирүү үчүн ал мекенинде реабилитациялоо курсунан өтөт", — деп айтылат маалыматта.
Калган жабырлануучулардын да абалы жакшырып, жакын арада баары ооруканадан чыгарылмакчы. Аларга КРдин Башкы консулдугу жана Адана шаарында жашаган мекендештердин жардам көрсөтүп жатканы маалымдалды.
Бишкектеги МИ-8 тик учагынын кырсыгы. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2024
Кырсыктаган тик учак. Башкы прокуратура кайсы берене менен иш козголгонун айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0