30-апрелге карата аба ырайы

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүГүлдөгөн сирень. Архив
Гүлдөгөн сирень. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2024
Жазылуу
30-апрелге караган түнү тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. 30-апрель, шейшембиде, айрым аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +18...+23, Таласта +15...+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +16...+21, Ысык-Көл жергесинде +13...+18, Нарын аймагында +11...+16 градус жылуу болот.
Бишкекте жана Ош шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы ыктымал. Күндүн табы борбор калаада +20...+22, Ош шаарында +19...+21 градуска жетери айтылды.
Бишкекте Ала-Тоо аянтындагы Ардак кароол менен Кыргызстандын желеги төрт айга алынды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2024
"Ала-Тоо" аянтынан Ардак кароол менен желек төрт айга алынды
Жаңылыктар түрмөгү
0