Ташиев түнкү клуб иштеткендерге эскертүү берди

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги түнкү клубдардын биринде бийчи кыз. Архив
Бишкектеги түнкү клубдардын биринде бийчи кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2024
Жазылуу
Ал акыркы убакта өткөрүлгөн рейддик иш-чараларда түнкү клубдардан баңгизаттар, көбүнчө синтетикалык кошулмалар бар каражаттар табылганын белгилеген.
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев түнкү клуб ээлерине жана мындай жайларды иштеткендерге кайрылып, социалдык тармактагы баракчасы аркылуу эскертүү берди.
Ал акыркы убакта өткөрүлгөн рейддерде түнкү клубдардан баңгизаттар, көбүнчө синтетикалык кошулмалар бар каражаттар табылганын белгилеген.

"Жаштардын саламаттыгына кам көрүү багытындагы иштерди дагы да күчөтүү максатында түнкү клубдарды иштеткендерге, алардын ээлерине да эскертүү. Баңгизаттардын кайсы түрү болбосун клубдарга алып кирүүгө, ал жакта таратылып, сатылуусуна жол бербегиле. Эгерде ошондой учурлар катталса мыйзам чегинде жоопко тартыласыздар", — деген Ташиев.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2024
Ташиев аткезчилер менен аралашып кеткен чек арачылар катуу жазаланарын эскертти
Жаңылыктар түрмөгү
0