Акылбек Жапаровдун Ташкентке болгон сапары аяктады. Жыйынтык

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Ташкент шаарына болгон жумушчу сапары
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Ташкент шаарына болгон жумушчу сапары  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2024
Жазылуу
Жапаров Өзбекстандын борборунда 2 күн болду. Анда ал президент Шавкат Мирзиёев менен да жолукту.
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Ташкент шаарына болгон жумушчу сапары жыйынтыкталып, Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.
Жапаров Өзбекстанда 2-3-майда болду. Өкмөттүн маалымат кызматы сапардагы урунттуу учурларды тизмектеди.
Иш сапардын башында Акылбек Жапаров Ташкент эл аралык III инвестициялык форумунун пленардык жыйынына катышып, Кыргызстан менен алака түзүүнүн потенциалына токтолуп, форумдун ишине ийгилик каалады. Форум 93 мамлекеттин 2,5 миңден ашуун жогорку кызмат адамдары, бир катар эл аралык уюмдар менен дүйнөлүк ири каржы институттардын, компаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Анын алкагында Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугуп, өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү, ири инвестициялык жана инфрасктруктуралык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу маселелерин сүйлөшүштү.
Ошондой эле Сингапур парламентинин төрагасы Сиа Киан Пенг, Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз жана дүйнөгө белгилүү бир катар компаниялардын өкүлдөрү менен жолугуп, эки тараптуу кызыктыруучу маселелер боюнча учкай сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Акылбек Жапаров форумдун энергетика боюнча панелдик сессиясында сөз сүйлөп, өлкөдө курулуп жаткан Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоору, Чаткал ГЭСинин курулуш долбоору жана Кыргызстандын жалпы энергетикалык потенциалы тууралуу айтып берген.
Акылбек Жапаров иш сапарынын биринчи күнүнүн соңунда курулуп жаткан Олимпиада шаарчасына барды.
Жумушчу сапарынын экинчи күнүндө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Одиль Рено-Бассо менен жолугушту. Анда суу ресурстары, энергетика тармактарын каржылоо маселелери талкууланды.
Андан соң ал Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен биргеликте Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин жаңы имаратынын расмий ачылыш аземинде болду.
Сапардын алкагында Акылбек Жапаров менен Өзбекстан премьери Абдулла Ариповдун жетекчилигинин алдында эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-отуруму тар жана кеңейтилген курамда болуп өттү. Анда кыргыз-өзбек мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланып, өзгөчө энергетика, суу ресурстары, өз ара соода жүгүртүү, билим берүү тармактарына кеңири көңүл бурулуп, жыйынтыгында маанилүү чечимдер кабыл алынып тийиштүү протоколго кол коюлду.
Ташкенттеги эл аралык III инвестициялык форуму - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2024
Кыргызстан менен Өзбекстан соода көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүнү көздөөдө
Жаңылыктар түрмөгү
0