Ташкентте КМШ ыктыярчыларынын форуму башталды. Видео

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевКМШ мамлекеттердин желектери. Архив
КМШ мамлекеттердин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2024
Жазылуу
Иш-чарага Россия, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан өлкөлөрүнүн ыктыярчылар уюмдарынын башчылары катышууда.
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Ташкентте КМШ өлкөлөрүнүн ыктыярчыларынын форуму башталганын Sputnik Өзбекстан жазды.
Бул – ыктыярчылык жаатындагы жана социалдык, экологиялык көйгөйлөргө көңүл бурдуруу үчүн маанилүү иш-чара. Форумга Россия, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан өлкөлөрүнүн ыктыярчылар уюмдарынын башчылары катышууда.
Эки күндүк форум "Ташкент – КМШ жаштарынын борбору" программасынын алкагында өтүүдө. Анда ыктыярчылар кыймылынын 100дөн ашык өкүлдөрү түрдүү маселелерди, анын ичинде шериктештик мамлекеттеринде жаштардын бири-бири менен ийгиликтүү тажрыйба алмашуусуна жана социалдык активдүү позициясынын калыптанышына шарттарды түзүү маселелерин талкуулашты. Форумдун программасына ылайык, тегерек столдор, талкуулар, мастер-класс жана семинарлар өткөрүлөт.
Рабочий визит председателя кабинета министров КР в Ташкент - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2024
Ташкентте Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин жаңы имараты ачылды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0