ЕАЭБ өлкөлөрү биргелешип экономиканын кеңири анализин түзөт

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевЕАЭБ өлкөлөрүнүн желектери. Архивдик сүрөт
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн желектери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2024
Жазылуу
Мында эл аралык практикадагыдай эле критерийлер колдонулары айтылды.
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрү биргелешип экономиканын кеңири анализин түзө баштайт. Бул тууралуу Армениянын финансы министринин орун басары Эдуард Акопян Ереванда өткөн "ЕАЭБдеги каржы интеграциясынын тереңдеши" атуу конференцияда билдиргенин Sputnik Армения жазды.
Ал биримдикке кирген беш өлкөнүн финансы министрликтери макроэкономикалык туруктуулуктун биргелешкен критерийлерин макулдашканын белгилеген.
Мында эл аралык практикадагыдай эле критерийлер колдонулат. Тагыраагы, мамлекеттик карыздын ИДПга карата тобокелсиз деңгээли 50 пайыз, ИДПга карата бюджеттин дефицитинин деңгээли 3 пайыз деп эсептелет.
Бул көрсөткүчтөр өссө бийлик чыгашаны кыскартышы керек. Мындай көрүнүш келечектеги экономикалык өнүгүү үчүн негиз түзүүгө жасалат.
Андан тышкары, Акопяндын айтымында, биримдик өлкөлөрүнүн каржы ведомстволору биргелешип тиешелүү таблицаларда товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүнү бюджеттин чыгашалары менен салыштырат.
"Мунун баары экономика тууралуу так маалымат алууга жана бюджетти түзүүгө жакшы жардам берет", — деген Акопян.
ЕАЭБ – 2015-жылдын 1-январынан бери иштеп жаткан эл аралык интеграциялык экономикалык бирикме. Уюмга Россия, Армения, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстан мүчө.
Россия өкмөтүнүн башчысы Михаил Мишустин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2024
Мишустин: ЕАЭБ ИДПнын өсүү темпи боюнча Евробиримдиктен озуп баратат
Жаңылыктар түрмөгү
0