5-майга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаан учурунда жолдо бараткан элдер. Архив
Жаан учурунда жолдо бараткан элдер. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2024
Жазылуу
Бишкек менен Ошто жамгыр жаап, күн күркүрөйт.
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Жекшембиде республиканын көпчүлүк жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар түшүп, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +22...+27, Таласта +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көлдө +17...+22, ал эми Нарын жергесинде +19...+24 градус жылыйт.
Бишкек менен Ошто жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы борбор калаада +24...+26, Ошто +22...+24 градуска жетет.
Паркта эс алып отурган аял. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2024
Жаанчыл болобу? Май айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0