Бивол менен Бетербиевдин беттеши жыл соңуна жылдырылды. Себеби, убактысы

© AP Photo / John LocherБоксчу Дмитрий Бивол. Архив
Боксчу Дмитрий Бивол. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2024
Жазылуу
Буга чейин мушкерлердин көз караштар таймашы өткөн.
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Дмитрий Бивол менен Артур Бетербиевдин жарым оор салмактагы "Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону" наамы үчүн беттеши жыл аягына жылдырылды. Бул тууралуу Сауд Арабиянын көңүл ачуу иштери боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Турки Аль аш-Шейх билдиргенин "Известия" жазды.
Белгилей кетсек, Бивол Кыргызстанда туулган. Буга чейин көз караштар таймашы өткөн.
"Бетербиевдин жаракаты тууралуу кабардан кийин 1-июнга белгиленген Бивол менен беттешин ушул жылдын аягына жылдырабыз. Артур инимдин тез сакайып кетишин каалайм", — деп жазган Турки.
Маалым болгондой, эми Бетербиевдин тизесине операция жасалат.
Бетербиев 20 беттеште 20 нокаут жасап жеңген. Ал эми Бивол 22 жолу жеңишке жеткен, анын 11ин нокаут менен уткан. Эки мушкер тең бир да жолу жеңилген эмес.
Кыргызстандын футзал боюнча командасы дүйнө чемпионатына катышпай калды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2024
Кыргызстандын футзал боюнча командасы дүйнө чемпионатына катышпай калды
Жаңылыктар түрмөгү
0