Сузактагы кырсыкка байланыштуу ИИМдин 12 кызматкери жазаланды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевИИМдин кызматкерлери. Архив
ИИМдин кызматкерлери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2024
Жазылуу
Комиссия коопсуздук өз деӊгээлинде камсыздалбай, алдын алуу иштери так жүргүзүлгөн эмес деген тыянак чыгарган.
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Сузактагы кырсыкка байланыштуу 12 милиционер жазаланганын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 2-май күнү Сузак районунда болгон окуяны иликтөө үчүн атайын ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарган.
"Иш-чара учурунда коопсуздук маселесин өз деӊгээлинде камсыздабай жана алдын алуу иштерин так жүргүзбөгөндүгү үчүн жалпы 12 кызматкер тартиптик жазасын алышты. Алардын ичинен Сузак РИИБдин башчысы, анын орун басары жана иш-чара өткөрүлгөн аймакты тейлеген Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы кызматтарынан бошотулду", — деп айтылат кабарда.
Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилик курамына жана Сузак ЖКККББнын бир нече кызматкерине карата тартиптик чара көрүлгөнү кошумчаланды.
Эске салсак, 2-май күнү саат 14:00дөр чамасында Катмы жайлоосунда манас айтып жаткан балдарды Porter унаасы жылып кетип, сүзгөн. Кырсыктан 35тей бала жабыркаган. Кечээ, 3-майда, алардын айрымдары Бишкекке алып келинген.
48 жаштагы айдоочу көрсөтмөсүндө балдарга бекер балмуздак таратканы барганын, Жерге-Тал айылдык мектебинин директорунан таттууну кайсы жакка жеткирүү керек экенин сурап телефон чалып жатканда машинасы ылдыйга түшүп кеткенин, артынан токтотконго жетишпей калганын айткан.
Бүгүн 9 жаштагы кыздын башына операция жасалып, бардыгынын абалы туруктуу экени айтылды. Президент да окуучулардан кабар алды.
Ооруканада жаткан бейтап. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2024
Сузакта Porter сүзүп кеткен окуучулардын бирине Бишкекте операция жасалды
Жаңылыктар түрмөгү
0