Гитлерчилерден коргоп калган бүлөнү 29 жылдан соң тапкан кыргыз жоокер. Сүрөт баян

Жазылуу
1945-жылы 9-майда СССР фашисттик Германия жана анын өнөктөштөрүн төрт жылга созулган согушта жеңет. Бүгүнкү күндө да 9-май — постсоветтик аймакта ар бир үй-бүлө үчүн кайгы менен кубаныч аралашкан күн.
Советтер Союзу Улуу Ата Мекендик согуш учурунда 20 миллиондон ашуун жаранынан ажыраган. Кан майданга Кыргызстандан 300 миңден ашык жоокер аттанып, 100 миңден ашуун аскер кайтпай калган. Анын ичинен беш миңден ашуун жоокердин тагдыры белгисиз бойдон калууда. Колумнист Алмаз Батилов Борбордук мамлекеттик архивдин кинофонофотодокументтеринин арасынан кыргызстандык жоокерлердин эрдигин жана тылдагы күжүрмөндүктү чагылдырган сүрөттөрдү тапкан.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Стахановчу А.Айткулова кан майдандагы жоокерлер үчүн ич кийим тигүүдө. 1942-жыл, Фрунзе.

Стахановчу А.Айткулова кан майдандагы жоокерлер үчүн ич кийим тигүүдө. 1942-жыл, Фрунзе. - Sputnik Кыргызстан
1/19

Стахановчу А.Айткулова кан майдандагы жоокерлер үчүн ич кийим тигүүдө. 1942-жыл, Фрунзе.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Фашисттик баскынчылардан бошотулган аймактарга Киров атындагы айыл чарба артелинин колхозчулары жеке корунан буудай жөнөтүүдө. Кант району, Фрунзе облусу, 1943-жыл.

Фашисттик баскынчылардан бошотулган аймактарга Киров атындагы айыл чарба артелинин колхозчулары жеке корунан буудай жөнөтүүдө. Кант району, Фрунзе облусу, 1943-жыл. - Sputnik Кыргызстан
2/19

Фашисттик баскынчылардан бошотулган аймактарга Киров атындагы айыл чарба артелинин колхозчулары жеке корунан буудай жөнөтүүдө. Кант району, Фрунзе облусу, 1943-жыл.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Фрунзе атындагы заводдун жумушчулары түшкү тамак учурунда фронттогу абал тууралуу Совинформбюронун маалыматын угууда. Фрунзе, 1942-жыл.

Фрунзе атындагы заводдун жумушчулары түшкү тамак учурунда фронттогу абал тууралуу Совинформбюронун маалыматын угууда. Фрунзе, 1942-жыл. - Sputnik Кыргызстан
3/19

Фрунзе атындагы заводдун жумушчулары түшкү тамак учурунда фронттогу абал тууралуу Совинформбюронун маалыматын угууда. Фрунзе, 1942-жыл.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Екатерина Ильченко №4178 госпиталынын медайымы. Фрунзе, 1943-жыл.

Екатерина Ильченко №4178 госпиталынын медайымы. Фрунзе, 1943-жыл. - Sputnik Кыргызстан
4/19

Екатерина Ильченко №4178 госпиталынын медайымы. Фрунзе, 1943-жыл.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

СССРдин башчысы Иосиф Сталиндин жазуучу Абдыкалык Чоробаевге ыраазычылык билдирген телеграммасы. Советтер Союзунун коргоо фондунун эсебине аскердик учак курууга Чоробаев өз каражатынан 5000 рубль которгон. Ак-Талаа району, Дөрбөлжүн айылы (азыркы Баетов), 1944-жыл.

СССРдин башчысы Иосиф Сталиндин жазуучу Абдыкалык Чоробаевге ыраазычылык билдирген телеграммасы. Советтер Союзунун коргоо фондунун эсебине аскердик учак курууга Чоробаев өз каражатынан 5000 рубль которгон. Ак-Талаа району, Дөрбөлжүн айылы (азыркы Баетов), 1944-жыл. - Sputnik Кыргызстан
5/19

СССРдин башчысы Иосиф Сталиндин жазуучу Абдыкалык Чоробаевге ыраазычылык билдирген телеграммасы. Советтер Союзунун коргоо фондунун эсебине аскердик учак курууга Чоробаев өз каражатынан 5000 рубль которгон. Ак-Талаа району, Дөрбөлжүн айылы (азыркы Баетов), 1944-жыл.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Сталинград салгылашынын баатыры А.Мамеков. Ал бул кармашта 261 гитлерчини атып өлтүргөн. 1945-жыл.

Сталинград салгылашынын баатыры А.Мамеков. Ал бул кармашта 261 гитлерчини атып өлтүргөн. 1945-жыл. - Sputnik Кыргызстан
6/19

Сталинград салгылашынын баатыры А.Мамеков. Ал бул кармашта 261 гитлерчини атып өлтүргөн. 1945-жыл.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Югославия менен Болгарияны фашисттик баскынчылардан бошотууга катышкан кыргызстандык офицерлер: П. Мамбетсадыков жана Советтер Союзунун Баатыры, аскердик учкуч Иван Гавриш. Фрунзе, 1970-жыл.

Югославия менен Болгарияны фашисттик баскынчылардан бошотууга катышкан кыргызстандык офицерлер: П. Мамбетсадыков жана Советтер Союзунун Баатыры, аскердик учкуч Иван Гавриш. Фрунзе, 1970-жыл. - Sputnik Кыргызстан
7/19

Югославия менен Болгарияны фашисттик баскынчылардан бошотууга катышкан кыргызстандык офицерлер: П. Мамбетсадыков жана Советтер Союзунун Баатыры, аскердик учкуч Иван Гавриш. Фрунзе, 1970-жыл.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Чехословакияны гитлерчилерден бошотууга катышкан кыргызстандык аскерлер: В.Толстунов, Т.Мамбеталиев жана Советтер Союзунун Баатыры Василий Беляндра. Фрунзе, 1970-жыл.

Чехословакияны гитлерчилерден бошотууга катышкан кыргызстандык аскерлер: В.Толстунов, Т.Мамбеталиев жана Советтер Союзунун Баатыры Василий Беляндра. Фрунзе, 1970-жыл. - Sputnik Кыргызстан
8/19

Чехословакияны гитлерчилерден бошотууга катышкан кыргызстандык аскерлер: В.Толстунов, Т.Мамбеталиев жана Советтер Союзунун Баатыры Василий Беляндра. Фрунзе, 1970-жыл.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Гвардиянын ага сержанты, кыргызстандык жоокер Мидхад Тухватуллин. Ал согуш талаасында өзгөчө эрдик көрсөткөндүгү үчүн Советтер Союзунун Даңк орденинин ээси болгон. Эрфурт шаары, Чыгыш Германия, 1945-жыл.

Гвардиянын ага сержанты, кыргызстандык жоокер Мидхад Тухватуллин. Ал согуш талаасында өзгөчө эрдик көрсөткөндүгү үчүн Советтер Союзунун Даңк орденинин ээси болгон. Эрфурт шаары, Чыгыш Германия, 1945-жыл. - Sputnik Кыргызстан
9/19

Гвардиянын ага сержанты, кыргызстандык жоокер Мидхад Тухватуллин. Ал согуш талаасында өзгөчө эрдик көрсөткөндүгү үчүн Советтер Союзунун Даңк орденинин ээси болгон. Эрфурт шаары, Чыгыш Германия, 1945-жыл.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Кенже лейтенант Дуда Энгинаев согушта көрсөткөн эрдиги үчүн Советтер Союзунун Даңк орденинин ээси. Фрунзе, 1974-жыл.

Кенже лейтенант Дуда Энгинаев согушта көрсөткөн эрдиги үчүн Советтер Союзунун Даңк орденинин ээси. Фрунзе, 1974-жыл. - Sputnik Кыргызстан
10/19

Кенже лейтенант Дуда Энгинаев согушта көрсөткөн эрдиги үчүн Советтер Союзунун Даңк орденинин ээси. Фрунзе, 1974-жыл.

© Фото / из семейного архива Жумабаевых

Кыргызстандык офицер замбирекчи, келечектеги мамлекеттик ишмер жана акын Үсөнкул Жумабаев (оң жакта) теги казак куралдашы менен. Чехословакия, 1945-жыл.

Кыргызстандык офицер замбирекчи, келечектеги мамлекеттик ишмер жана акын Үсөнкул Жумабаев (оң жакта) теги казак куралдашы менен. Чехословакия, 1945-жыл. - Sputnik Кыргызстан
11/19

Кыргызстандык офицер замбирекчи, келечектеги мамлекеттик ишмер жана акын Үсөнкул Жумабаев (оң жакта) теги казак куралдашы менен. Чехословакия, 1945-жыл.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Чыгыш Түркстан Эл Республикасынын армиясынын советтик ыктыярчылары улуту казак кыргызстандык офицер Байдулла Доскенов (сол жакта) полктошу Х.Ибрагимов. Батыш Кытай. 1946-жыл.

Чыгыш Түркстан Эл Республикасынын армиясынын советтик ыктыярчылары улуту казак кыргызстандык офицер Байдулла Доскенов (сол  жакта) полктошу Х.Ибрагимов. Батыш Кытай. 1946-жыл. - Sputnik Кыргызстан
12/19

Чыгыш Түркстан Эл Республикасынын армиясынын советтик ыктыярчылары улуту казак кыргызстандык офицер Байдулла Доскенов (сол жакта) полктошу Х.Ибрагимов. Батыш Кытай. 1946-жыл.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Панфиловчуларга арналган эстелик. Москва облусу, Дубосеково темир жолунун айрылышы. 1950-жылдар.

Панфиловчуларга арналган эстелик. Москва облусу, Дубосеково темир жолунун айрылышы. 1950-жылдар. - Sputnik Кыргызстан
13/19

Панфиловчуларга арналган эстелик. Москва облусу, Дубосеково темир жолунун айрылышы. 1950-жылдар.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

318-Новороссийск дивизиясынын 1337-Новороссийск полкунун аскери, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Т. Давлетов №12 В.Ленин атындагы мектептин окучуулары менен кезигүүдө. Ал согушта көрсөткөн эрдиги үчүн СССРдин II жана III даражадагы “Даңк” ордендери менен сыйланган. Базар-Коргон районундагы Октябрь революциясынын 60-жылдыгы атындагы колхоз. Ош облусу. 1980-жыл.

318-Новороссийск дивизиясынын 1337-Новороссийск полкунун аскери, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Т. Давлетов  №12 В.Ленин атындагы мектептин окучуулары менен кезигүүдө.  Ал согушта көрсөткөн эрдиги үчүн СССРдин II жана III даражадагы “Даңк” ордендери менен сыйланган. Базар-Коргон районундагы Октябрь революциясынын 60-жылдыгы атындагы колхоз. Ош облусу. 1980-жыл. - Sputnik Кыргызстан
14/19

318-Новороссийск дивизиясынын 1337-Новороссийск полкунун аскери, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Т. Давлетов №12 В.Ленин атындагы мектептин окучуулары менен кезигүүдө. Ал согушта көрсөткөн эрдиги үчүн СССРдин II жана III даражадагы “Даңк” ордендери менен сыйланган. Базар-Коргон районундагы Октябрь революциясынын 60-жылдыгы атындагы колхоз. Ош облусу. 1980-жыл.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

"Ош" ресторанынын ашпозчусу, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери А.Мавлянов. Ош, 1975-жыл.

"Ош" ресторанынын ашпозчусу, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери А.Мавлянов. Ош, 1975-жыл. - Sputnik Кыргызстан
15/19

"Ош" ресторанынын ашпозчусу, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери А.Мавлянов. Ош, 1975-жыл.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Маутхаузен концлагеринин туткуну В.Павленко М. В Фрунзе атындагы №64 орто мектептин окуучулары менен баарлашуда. Фрунзе, 1990-жыл.

Маутхаузен концлагеринин туткуну В.Павленко М. В Фрунзе атындагы №64 орто мектептин окуучулары менен баарлашуда. Фрунзе, 1990-жыл. - Sputnik Кыргызстан
16/19

Маутхаузен концлагеринин туткуну В.Павленко М. В Фрунзе атындагы №64 орто мектептин окуучулары менен баарлашуда. Фрунзе, 1990-жыл.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Кричев атындагы 385-аткычтар дивизиясынын жоокерлери: Е.М. Ананьев, С.Ф. Мищенко, В.К.Перфирьев, М.А. Пшеничный, А.Е.Филиппов, И.В. Чумаков кан майдандагы окуяларды эскерүүдө. Фрунзе, 1980-жыл.

Кричев атындагы 385-аткычтар дивизиясынын жоокерлери: Е.М. Ананьев, С.Ф. Мищенко, В.К.Перфирьев, М.А. Пшеничный, А.Е.Филиппов, И.В. Чумаков кан майдандагы окуяларды эскерүүдө. Фрунзе, 1980-жыл. - Sputnik Кыргызстан
17/19

Кричев атындагы 385-аткычтар дивизиясынын жоокерлери: Е.М. Ананьев, С.Ф. Мищенко, В.К.Перфирьев, М.А. Пшеничный, А.Е.Филиппов, И.В. Чумаков кан майдандагы окуяларды эскерүүдө. Фрунзе, 1980-жыл.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

8-гвардиялык дивизиянын 19-полкунун ага сержанты Александр Зайченко. Калинин району (азыркы Жайыл), 1967-жыл.

8-гвардиялык дивизиянын 19-полкунун ага сержанты Александр Зайченко. Калинин району (азыркы Жайыл), 1967-жыл. - Sputnik Кыргызстан
18/19

8-гвардиялык дивизиянын 19-полкунун ага сержанты Александр Зайченко. Калинин району (азыркы Жайыл), 1967-жыл.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

1941-жылы сентябрда кыргызстандык офицер, келечектеги белгилүү котормочу жана жазуучу Олжобай Орозбаев Чыгыш Украинанын Полтава аймагындагы салгылашта катуу жарадар болот. Аны жергиликтүү Белыхтардын үй-бүлөсү гитлерчилерден жашырып, аман алып калат. 1974-жылы Орозбаев үй-бүлөнү таап, ыраазычылыгын билдирген. Украина, Полтава облусу, 1974-жыл.

1941-жылы сентябрда кыргызстандык офицер, келечектеги белгилүү котормочу жана жазуучу Олжобай Орозбаев Чыгыш Украинанын Полтава аймагындагы салгылашта катуу жарадар болот. Аны жергиликтүү Белыхтардын үй-бүлөсү гитлерчилерден жашырып, аман алып калат. 1974-жылы Орозбаев үй-бүлөнү таап, ыраазычылыгын билдирген. Украина, Полтава облусу, 1974-жыл. - Sputnik Кыргызстан
19/19

1941-жылы сентябрда кыргызстандык офицер, келечектеги белгилүү котормочу жана жазуучу Олжобай Орозбаев Чыгыш Украинанын Полтава аймагындагы салгылашта катуу жарадар болот. Аны жергиликтүү Белыхтардын үй-бүлөсү гитлерчилерден жашырып, аман алып калат. 1974-жылы Орозбаев үй-бүлөнү таап, ыраазычылыгын билдирген. Украина, Полтава облусу, 1974-жыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0