Бир жыл ичинде Кыргызстанда базарлардын саны көбөйдү

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы Ош базары. Архив
Бишкек шаарындагы Ош базары. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 5 -май — Sputnik. Кыргызстанда ушул жылдын биринчи кварталында 346 базар катталганын Улуттук статистика комитети билдирди.
Белгилей кетсек, былтыркы жылдын биринчи кварталында бул сан 11ге аз болчу.
"346 базардын ичинен 56сы жекшемби күндөрү эле иштейт, ал эми 290у күн сайын соода кылган базарлар", — деп жазылат маалыматта.
Базарлардын түрлөрү:
аралаш — 191;
кийим-кече саткан базар — 70;
азык-түлүк саткандар — 41;
мал, канаттуу саткандар— 34;
автоунаа жана унаа тетиктерин саткандар — 10.
Жайгашкан жери боюнча:
Ош облусу — 85;
Бишкек — 67 (+1);
Жалал-Абад облусу — 61 (-1);
Чүй облусу — 36;
Баткен — 26 (+2);
Ош — 25 (+1);
Нарын— 19 (+4);
Талас — 15 (+3);
Ысык-Көл — 12 (+1).
Бишкек шаарындагы ГУМ жана ЦУМ соода борборлору. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2024
Кыргызстанда канча соода борбору бар? Статкомдун маалыматы
Жаңылыктар түрмөгү
0