00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
14:50
8 мин
14:58
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
06:58
2 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Максимальный репост
Проект документа о регуляции работы «удаленщиков»: будет ли он работать на практике
16:09
21 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан улуттук инвестициялык фонд түзмөй болду. Эмне ши аткарат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Иногда не хватает нескольких баллов – почему престижно поступать на Медфак КРСУ?
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Россиялык режиссер кыргыздын Король Лирин жаратты. Король Лир спектакли тууралуу маек
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
20:06
37 мин
Ачык кеп
Мал базарлар, мал соючу жайлардын абалы кандай?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сирияга согушчандарды үгүттөп жүргөн топ Тажикстанда кармалды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүАрхив: Сириядагы кандуу согуш
Архив: Сириядагы кандуу согуш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, топтун бир бөлүгү жергиликтүү жаштарды Асаддын бийлигине каршы күрөшүүгө Сирияга жөнөтүү үчүн үгүттөө менен алектенсе, бир бөлүгү бул максаттарга акча чогултуп жүргөн.

БИШКЕК, 13-ноя — Sputnik. Тажикстандын түндүгүндө камакка алынган жергиликтүү жаш тургундарды Башар Асаддын бийлигине каршы күрөшүүгө Сирияга жөнөтүү үчүн үгүттөр жүргөн террористтик көмүскө топтун лидеринин иши боюнча он адам кармалганын РИА Новости Тажикстандын Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

Сирия синдрому кыргыз коомчулугун да түйшөлтүүдө
Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, топтун бир бөлүгү жергиликтүү жаштарды Асаддын бийлигине каршы күрөшүүгө Сирияга жөнөтүү үчүн үгүт иштери менен алектенсе, бир бөлүгү бул максаттарга акча чогултуп жүргөн. Топтун мүчөлөрүнүн бири сентябрь айында Кыргызстандын Жалал-Абад шаарынан Сирияга чыгып кетүүгө аракет кылган жеринен кармалган. Кармалгандардын баары тергөө изоляторунда камакта, алардын үстүнөн кылмыштуу топ түзүү жана курал-жаракты мыйзамсыз сактоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. 

"Аталган иш боюнча 12 киши шектелип жатат, алардын арасында топтун лидери Истаравшан шаарынын 28 жашар тургуну Наджмиддин Шамсиев да бар. Анын үйүн тинтүү учурунда, эки тапанча 85 огу менен жана үн баскыч табылган", — деп айтылат билдирүүдө.

ИИМ ырастагандай, Шамсиев "Жамаат Ансаруллох" террористтик жана экстремисттик уюмунун жергиликтүү тобунун лидери болуп эсептелет.

Аталган уюм "Аль-Каиадага" кирет. Аны 2010-жылы Тажикстандын чыгышында болгон кагылышууларга, 2010-жылы Худжанд шаарында эки адамдын өлүмүнө, 25 адамдын жаракат алуусуна алып келген уюшулган кылмыштуулукка каржы күрөш боюнча аймактык бөлүмдүн имаратынын алдындагы терактка, о.э. 2013-жылдын ноябрында Душанбе шаарында теракттарды даярдоого тиешеси бар деп эсептелет. 

Жогорку сот 2012-жылы "Жамаат Ансоруллох" уюмун экстремисттик жана террористтик деп таанып, анын иш-аракетине тыюу салган.

Тажикстан Республиканын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2014-жылдын биринчи жарым жылдыгында Тажикстанда террорист деп шектелген 30 адам, анын ичинде "Жамаат Ансаруллохтун" 12 мүчөсү кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0