БИШКЕК, 14-ноя — Sputnik. Ысык-Көл областынын аймагында эки жер титирөө болуп, андан жабыр тарткандардын жоктугун билдирди КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы. Алынган маалыматтарга таянсак, күчү жети баллга жеткен силкинүүлөр саат 07.24дө Кажы-Сай айылынын түндүк-чыгыш тарабынан 17 чакырым жана Тоң айылынан 60 чакырым аралыкта катталган. Экинчи жолу жер титирөө саат 8:09 катталды. Анын очогу Кажы-Сай айылынан 5 чакырым жана Тоң айылынан 16 чакырым аралыкта жайгашкан. ӨКМдин билдирүүлөрү боюнча, жабыр тарткандар жок, бирок имараттарда жаракалар болушу мүмкүн.
Толук маалыматты Sputnik ЭМАнын даярдаган инфографикасынан көрсө болот>>
В Иссык-Кульской области произошло два землетрясение (кырг)
![В Иссык-Кульской области произошло два землетрясение (кырг) В Иссык-Кульской области произошло два землетрясение (кырг) - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101413/25/1014132510_0:0:998:920_600x0_80_0_0_051652e34dc927c50b7982c8a6616715.png)
В Иссык-Кульской области произошло два землетрясение (кырг)