Кыргызстанда 156 миңге чукул мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар болсо, алардын 26 миңге жакыны 18 жашка чейинкилер болуп саналат.
Депутат Ниязалиева майыптык менен төрөлгөн балдар маселесинин чечүү үчүн энелердин ден-соолугуна кам көрүүнүн зарылдыгын белгиледи.
"Коомубузда мүмкүнчүлүгү чектелген ымыркайлардын төрөлүүсүнүн алдын алуу максатында кош бойлуу энелердин саламаттыгына көңүл буруп, алардын жетиштүү азыктануусуна шарт түзүү кажет", — деди Ниязалиева.
Ал эми бул багыттагы бир катар мыйзамдардын аткарылышына байланыштуу сын пикирин айтты.
"Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды иш менен камсыздоодо каралган 5%дык ченем боюнча мыйзамды аткаруу жагы да жакшы жыйынтык бербей жатат",— деди парламентарий.
Бүгүн Кыргызстан дүйнөдөгү бир катар мамалкеттер сыяктуу эле Майыптардын бүткүл дүйнөлүк күнүн белгилеп жатат.