БИШКЕК, 6-дек — Sputnik. Диндин мигранттарга тийгизген таасирлерин талкуулаган кереге кеңеш Москва шаарында уюштурулду, деп билдирди Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы.
Кереге кеңешке катышкандар Кыргызстандан келген мигранттардын өздөрүн алып жүрүшү, руханий жактан аларга бериле турган колдоо, радикал исламчылардын ишмердүүлүгү жана алардын адамдарды мигранттардын арасынан тандап алып, өздөрүнүн катарына тартып жаткандыктары тууралуу айтышып, ойлорун бөлүштү.
Элчиликтин биринчи катчысы Алмазбек Асанбаев дүйнөлүк окуяларды талдай келгенде жана эгемендүүлүк алган алгачкы жылдарда Кыргызстан экстремизмге, 1999-2000-жылдары куралданган согушкерлердин чек араны бузуп кирип келишине дуушар болгондугун эске салды. Муну менен ал өлкөдө диний абалга, диний маселелерге маани бербегендик, көз жаздымда калтыргандык жогорудагыдай кесепетин тийгизген окуяларга алып келерин, бул бир нече мамлекеттерде да кездешээрин айтты.
Москвадагы муфтияттын өкүлү биздин кээ бир мекендештерибиздин диний жактан сабатсыздыгын белгилеп, жеткиликтүү маалыматтын жоктугунун радикалдык багытка үгүттөгөндөрдүн торуна түшүп калып жаткандыгын айтты. Москва шаарынын жана Кыргызстандын муфтияттарынын өкүлдөрү экстремисттик катарга тарткандарга каршы күрөшүү боюнча биргелешип иш алып барып жаткандыктарын билдиришти. "Хилал" басма үйүнүн директору Рыскулбек Каримбеков кереге кеңештин катышуучуларына ислам жөнүндө маалыматтарды камтыган адабияттардын үлгүсүн көрсөттү.
Иш-чаранын аягында талкуунун катышуучулары мигрант мекендештердин арасында тарбиялык жана экстремисттердин катарына тартылып кетүүнүн алдын алуучу иштерди күчөтүү зарылдыгын белгилешти. Аны менен катар эле Кыргызстан менен Россиянын расмий диний институттары жана элчиликтери бири-бири менен бул багытта тыгыз иш алып баруусу керектигин айтышты.