БИШКЕК, 9-дек — Sputnik. Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында өткөн КРдин Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуусу боюнча ведомство аралык комиссиянын жыйынында аталган биримдикке кошулуу боюнча келишим долбоорунун пункуттары талкууланды. Бул туурасында өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
"Биз өлкө үчүн ыңгайлуу вариантты кабыл алып, улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүүбүз керек, бардык ведомстволордун ырааттуу ишинин натыйжасында аны ишке ашырса болот», — деди өкмөт башчысы.
Өкмөт башчысы Оторбаев жакында эле Москвада жогорку деңгээлдеги жолугушууларда Кыргызстандын Евразиялык аймактын интеграциялык процесстерине катышуу маселеси талкуулангандыгын айтты.
"Россия Кыргызстандын интеграциялык биримдиктерге кошулуусун колдойт. Биз жыйынтыктоочу баскычта турабыз, Келишимге кол коюуда юридикалык коллизиялардын орун албашы үчүн укуктук мүнөздөгү маселелерди чечүү зарыл. Бардык маселелер өлкө кызыкчылыгын эске алуу менен чечилиши кажет, ошондуктан КРдин Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу жөнүндө Келишиминин ар бир пункуту тыкыр каралышы керек", — деп белгиледи Өкмөт башчы.
«Евразиялык Экономикалык комиссиянын мүчөлөрү Келишим долбоорун карап чыккан соң, өз түзөтүүлөрүн киргизди, учурда биз киргизилген өзгөртүүлөр канчалык деңгээлде өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына дал келээрин чечүүбүз керек, бул боюнча пикир алмашуу зарыл», — деди өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев.