БИШКЕК, 11-дек — Sputnik. БУУнун Башкы Ассамблеясынын сунушу менен 1950-жылдан тартып дүйнөдө Адам укуктарынын күнү белгиленет. 1948-жылы дал ушул күнү Адам укуктары боюнча Жалпы декларация кабыл алынган. Россияга биздин өлкөдөн барган эмгек мигранттарынын укуктары кандай корголуп жаткандыгы, бул багытта кандай чаралар көрүлүп жана кайсы иштер аткарылып жаткандыгы жөнүндө Sputnik кабарчысынын Кыргызстандын Акыйкатчысы Бактыбек Аманбаев менен болгон маегинен окуңуздар.
— Ноябрда Москвада россиялык кесиптешиңиз Элла Памфилова менен жолугуп, укук коргоо ишмердиги жана өз ара пайдалуу кызматташтык маселелерин талкуулаган экенсиз. Ушуга байланыштуу сурайын дегеним, жолугушууда Россиядагы кыргыз жарандарын коргоо маселеси козголдубу?
Мониторингдин жыйынтыктарынын негизинде кереге кеңештерди, конференцияларды өткөрүп, эки өлкөнүн тийиштүү мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү сунуштайбыз. Бардык материалдар жалпыланып, атайын баяндама түрүндө түзүлөт жана аны биз менен Россиянын мамлекеттик түзүмдөрүнө беребиз. Бул мекендештерибиз үчүн эң натыйжалуу жардам болот.
Учурдагы миграцияга байланышкан көйгөйлөр бизге гана эмес, мигранттарды кабыл алуучу тарапка да тиешелүү. Биз аталган ишти келерки жылда жүргүзүүнү макулдашып, кызматташуу жөнүндө эки тараптуу келишимге кол койдук.
— Россиядагы мигранттарыбыздын негизги көйгөйлөрү кайсылар деп эсептейсиз?
— Мен мекендештерибиз жана диаспоралардын өкүлдөрү менен жолуктум. Алардын көйгөйлөрү туурасында ачык-айрым кеп болду. Эң негизгилердин бири — каттоого туруу экен. 2014-жылдын 1-январынан тартып Россияда жаңы мыйзам күчүнө кирип, ага ылайык эмгек мигранты жашаган жеринде каттоого турушу керек. Бул оңой эмес, себеби, бир жерде жашап, башка жерде каттоого турган мигранттар көп.
Экинчи көйгөй ушул эле айтылган маселеге байланышкан. Жаңы эрежелер боюнча Россиянын Федералдык миграция кызматынын мигранттарга карата талаптары күчөтүлдү. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү документтерди текшерип, эгер мыйзам бузулганы аныкталса, адамды өлкөдөн чыгарып, "кара тизмеге" киргизип коюшат.
Андан сырткары, кыргызстандыктар алдамчыларга туш болгон учурлар көп. Мисалы, иштегенге уруксат алууда мигранттар жол-жоболорду жана жалпы укуктук маданиятты билбегендигинен өз акчаларын чоочун адамдарга берип коюшат. Анан ал берген документтер жасалма болуп чыгат. Өзүбүздүн эле жарандар ортомчулук кылып өз жердештерин алдап кетишкен учурлар бар.
Дагы бир кыйынчылык жараткан нерсе — мекендештерибиз Россиянын ар кайсы булуң-бурчтарына барып, ал жерде тил менен тил диалекттерин, жергиликтүү каада-салтты билбей кыйналып жатышат. Ошондой эле майда административдик тартип бузуулар да орун алууда.
— Оор эмес же административдик укук бузууга барган жарандарды "кара тизмеден" чыгаруунун кандайдыр бир жолу барбы?
— Кыргызстандыктар өз жердештерине кысым көрсөтүп, опузалап акча алган учурлар да бар деп айтылып келет. Мында эмне кылуу керек?
— Жарандар менен жолугушуу учурунда бул маселе көтөрүлгөн, бирок, эч кандай конкреттүү окуялар жөнүндө айтып беришкен жок.
— Россияда биздин мекендештердин укуктарын коргоо үчүн кандай аракеттер жасалып жатат?
— Биздин өлкө үчүн Бажы биримдигине кирүү өтө маанилүү болуп эсептелет. Бул жагынан президентибиз Алмазбек Атамбаев көп нерсе жасады. Илгертен бери эле Россиянын эли менен эриш-аркак жашап келе жатабыз жана 75 жыл бою бир мамлекеттин курамында өмүр сүрдүк. Россия менен жакшы мамилелер калыптанган жана мамлекет башчысы дал ушул нукта иш-аракетин улантууда.
ББга кирүү менен катар эле ар бир мамлекеттик орган менен кызмат мигранттардын укуктарын расмий түрдө коргошу керек болот. Мыйзам боюнча Акыйкатчынын башка өлкөнүн аймагында иштөөгө акысы жок: биз россиялык кесиптештерибиз аркылуу иш жүргүзөбүз. Мен Россиядагы жарандарыбызга эгер алардын укуктары бузулса же мыйзамсыз иштерге кириптер болсо, Россиянын Акыйкатчысына кайрылышы керектигин, ал жерден жардам алса боло тургандыгын айттым.
— Россиянын Федералдык миграция кызматы менен Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгү жагынан кандай иштер аткарылып жатат?
— Россия менен биздин маданий жана тилдик жалпы жактарыбыз бар. Башка мамлекеттерден келген мигранттарга караганда, көпчүлүк жарандарыбыз орус тилинде жакшы эле сүйлөй алышат. Кесиптешим Элла Памфилова да ушуну белгиледи. Кыргызстандыктар бул жерге жеңил эле ылайыкташып, көнүп кетишет. Салттуу болуп калган экономикалык кызматташтыкты күчөтүү керек, анткени Кыргызстан сыяктуу кичинекей өлкө үчүн рынок чоң мааниге ээ. Экинчиден, Бажы биримдигине кошулгандан кийин биздин жарандар Россиянын аймагында мурдагыдан ыңгайлуу шарттарда иштей алат, бул да өтө маанилүү. — Россияда мигранттардын турмушундагы кайсы жакшы учурларды белгилейт элеңиз?
— Азыр Россияда иштеп жаткан кыргызстандыктардын көбү рублдин курсунун түшүп жатканына байланыштуу мекенине кайтып келиши мүмкүн деген сөздөр болуп жатат. Бул боюнча сиздин пикириңиз.
— Эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча келечек пландарыңыз кандай?
— Биз бул багытта иштерди күчөтүүнү пландап жатабыз. Чет жерде иштеп, жашап жаткан мигранттардын көйгөйлөрүн чечүү биздин артыкчылыктуу милдеттерибизден эмеспи. Алар Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнүн улуттук стратегиясында аныкталган жана биз, парламенттик органдын өкүлү катары, ишти күчөтүүбүз керек. Муну кантип кылса болот? Буга россиялык кесиптештер менен бирге өткөрүлө турган мониторинг да кирет.
Андан сырткары, мен Акыйкатчы институтунда эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо менен гана алектене турган атайын бөлүм ачууну пландап жатам. Ошондой эле, Россиянын Акыйкатчысы Элла Памфилова, мекендештерибиз иштеп же окуп жаткан Россиянын бардык аймактарындагы жана башка өлкөлөрдөгү адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу тараптар менен кызматташабыз.