![Способы сохранения ёлки в домашних условиях (кырг) Способы сохранения ёлки в домашних условиях (кырг) - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101376/26/1013762640_0:0:0:0_600x0_80_0_0_d4f5f56a061e09ec877c2d68fce4bfc0.png)
Балатыны сатып алгандан кийин, аны дароо жылуу жайга алып кирүүгө шашпаңыз. Ал короодо же башка салкын жайда бир аз тура турсун. Бирок балаты бөлмөгө киргенден кийин да аны кооздогонго шашпаңыз: бутактары жакшы жазылганча күтүү керек. Оюнчуктарды алып чыгардан мурда, балатынын жансыз ийнелерин күбүп салуу үчүн тигинен кармап, сөңгөгүн полго жакшылап ургулаңыз. Эми эң башкы эрежелердин бири: балатыны жылуулук берчү батареяга жакын койбоңуз, антпесе ал жаңы жылдык майрамдар аяктаганга чейин чыдабай, куурап калат.