БИШКЕК, 19-дек — Sputnik. Германиянын канцлери Ангела Меркель эгер президент Владимир Путин Украинанын аймактык бүтүндүгүн жактайм десе, анын сөзүнө ишенсе болот. Бул үчүн эч далилдин керекги жок деп билдирди деп кабарлайт РИА Новости.
Ал бул билдирүүнү Россиянын лидери Германиянын, Франциянын жана Украинанын башчыларынын ортосунда жакында болгон телефон аркылуу сүйлөшүүдө ("Нормандия форматы") жасагандыгын тактады.
"Эгер ал (Россиянын президенти) Украинанын аймактык бүтүндүгүн жактайм деп жатса, демек биз анын сөзүнө ишенип жана мунун үстүндө иштешибиз керек ", — деди Меркель ЕБнын Брюсселде өткөн саммитинен кийин.
Өкмөткө каршы массалык акциялар Украинанын түштүк-чыгыш облустарында 2014-жылдын февралында башталган. Бул өлкөдө бийлик зомбулук жолу менен алмашылып, андан кийин орус тилине аймактык статусун ыйгарган мыйзамды алып салууга Жогорку Раданын жасаган аракетине жергиликтүү тургундардын кылган жообу болчу.