БИШКЕК, 19-дек — Sputnik. "Каныбек" сыяктуу тарыхый романдын автору кыргыз жазуучусу Касымалы Жантөшевдин 30 жылдан бери кайта басыла элек чыгармалары кайтадан басылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков парламенттин координациялык кеңешинде билдиргенин парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
"Өз маалынын белгилүү классик жазуучуларынын бири Касымалы Жантөшевдин 30 жылдан бери кайра басылып чыга элек тандалган чыгармаларын кайра чыгаруу оңой иш эмес", — дейт Жээнбеков.
Чыгармаларды кайтадан басып чыгарууга ЖК төрагасынын фондунан каржылык көмөк көрсөтүлгөн.
Жазуучунун тандалган чыгармалары республика аймагындагы китеп сүйүүчүлөргө, облустук китепканаларга, мамлекеттик китепканаларга, жогорку окуу жайлардын китепканаларына таркатылды.