БИШКЕК, 24-дек — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кошулушунун ачык жана адилеттүү параметрлери аныкталгандыгын белгиледи, деп билдирди президенттин аппаратынын маалымат кызматы.
"Кыргызстан үчүн бирдиктүү бажы тарифине өтүүдө эсептөөнүн өлчөмү, келишимдин күчүнө кирүү мөөнөттөрү, бирдиктүү бажы тарифинин колдонулушунун жана кыргыз-казак чек арасындагы бажы контролун алып салуунун даталары аныкталды", — деди Атамбаев.
Президент ошондой эле Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү болуп калаарына ишенимин билдирди.
Өз кезегинде Мамлекет башчылары улуттук мыйзамдарын Евразиялык экономикалык биримдиктин укуктук базасына шайкеш келтирүү боюнча Кыргызстан чоң иш аткаргандыгын белгилешти.