БИШКЕК, 6-янв — Sputnik. Ош облусунун Чоң-Алай районунда болгон Саламаттыкты сактоо министри Талант Батыралиев айылдардын дарыгерлери, медицина кызматкерлери менен жолугуп, көйгөйлөр менен жеринде таанышты.
Чоң-Алайдын Кара-Мык жана Дароот-Коргон айыл аймактарында болуп, ооруканалардын имараттарын көрдү. Дарыгерлер, медициналык кызматкерлер менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн укту. Бул туурасында Sputnik маалымат сайтына Чоң-Алай районунун акими Абдылазис Ашыралиев билдирди.
"Саламаттыкты сактоо министри Талант Батыралиев биздин ооруканаларды көрүп, дарыгерлерди, медициналык кызматкерлер менен көзмө-көз сүйлөшүп кетти. Райондогу ооруканаларыбыздын имараттары авариялык абалда. 120 койкалуу райондук ооруканада 2 жылдан бери курулуп бүтпөй келет. Министрге аны быйыл бүтүрүү боюнча өтүнүчүбүз менен кайрылдык", — деди Ашыралиев.
Райондун акими аймакта дарылерлердин тартыштыгы дагы бир көйгөйлөрдөн экендигин айтты.
"Райондо дарыгерлер тартыш, хирург, кардиолог, анестезиолог жана акушерлер жетишпейт. Бул биздин көйгөйлөрдөн. Бул маселени чечүү боюнча да сүйлөштүк. Себеби, адистерге иштен сырткары, жашаганга да шарт түзүлүшү керек", — деди Ашыралиев.
Талант Батыралиев буга чейин Талас облусундагы медициналык мекемелердин абалы менен таанышып чыккан.
Саламаттыкты сактоо министрлигине дайындалгандан кийин премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин кабыл алуусунда болуп, ишти дубандардагы дарылоо мекемелеринин таанышуудан баштаарын айткан.