БИШКЕК, 29-янв — Sputnik. Бишкек жана Ош шаарларындагы көрүүсү начар жана азиз балдардын атайын жалпы билим берүү мектептери үчүн Брайль шрифтинин жана жалпак ири шрифттин базасында 1-11-класстарга кыргыз тили окуу китебин чыгаруу үчүн президенттин Билим берүү фондунан сегиз жүз миң сом бөлүндү. Тийиштүү буйрукка Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.
Бишкек жана Ош шаарларында көрүүсү начар жана азиз балдардын мектептери бар.