БИШКЕК, 4-фев — Sputnik. Бейруттун расмий бийлиги шаршемби күнү ИМдин алты согушчанынын ичинен экөөнү өлтүрдү. Бул Иорданиянын ААКнын учкучу Муаз аль-Касасбехтин өлтүрүлүшүнө жооп болду. Ал учкучтун тирүүлөй өрттөлгөн сүрөтү интернет түйүнүндө тараган деп билдирет РИА Новости.
ИМдин согушчандары иорданиялык учкучка алмаштырууну пландаган Саджида ар-Ришауи "Ислам мамлекетинин" дагы бир террористи менен кошо өлтүрүлдү деп кабарлайт "Рейтер" агенттиги Иорданиянын күч түзүмдөрүндөгү маалымат булагына таянуу менен.
Иорданиянын бийлиги ИМдин алты согушчанын, анын ичинде жан кечер Саджида ар-Ришауини жакынкы арада өлтүрө тургандыгы жөнүндө мурдараак билдирген эле. Бул тууралуу Sky News Arabia телеканалы өз маалымат булагына таянуу менен кабарлаган.
Иордания бийлигинин билдирүүсүнө караганда, "Ислам мамлекети" менен байланыштыгы бар дагы төрт радикалдуу исламчы жакынкы арада өлтүрүлүшү мүмкүн.
ИМ согушчандары шейшемби күнү интернет аркылуу иорданиялык ААК учкучу өлтүрүлгөнү тартылган тасманы жайылтышкан. Туткунга алынган аскер учкучу тирүүлөй өрттөлгөн.
ИМдин колуна түшкөн Иорданиянын падышалык ААКнын учкучу өлтүрүлгөнүн Бейрут бийлиги 3-январда расмий ырастаган болчу.
Учкуч декабрдын аягында өзү башкарып бара жаткан учак Сириянын аймагында кыйроого учураганда "Ислам мамлекетинин" согушчандарына туткунга түшүп калган.