БИШКЕК, 4-фев — Sputnik. "Эгерде Мамкурулуш Бишкек башкы архитектура жана коммуналдык чарбасын биздин баланска өткөрүү чечимин кабыл алса, аталган ведомство мэриянын бир бөлүгү болуп калат", — деп билдирди мэр Кубанычбек Кулматов.
Анын айтымында, учурда өкмөттө аталган ведомствону муниципалитеттин карамагына өткөрүү боюнча атайын комиссия түзүлүп, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
"Эгерде Бишкек башкы архитектура жана коммуналдык чарбасы мэриянын карамагына кирип калса, анда биз шаардын аймагында мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелерин көзөмөлдөй алабыз", — деди Кулматов.
Мэр мындан кийин гана шаардын сырткы көрүнүшүн бир тартипке келтирүүгө кам көрүү туурасында айтууга болорун кошумчалады.