00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Крутько: Кыргызстан менен Россия — тең укуктуу стратегиялык өнөктөштөр

© Sputnik / Табылды КадырбековСотрудничество между Кыргызстаном и Россией.
Сотрудничество между Кыргызстаном и Россией. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФтин Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутько Кыргызстан менен Россия — эки шериктеш жана тең укуктуу стратегиялык өнөктөштөр деп атоо менен, өлкөлөр өз ара кызматташтыгын "бардык тоскоолдуктарга карабай" мындан ары да уланта турганына үмүтүн билдирди.

БИШКЕК, 11-фев — Sputnik. "Биздин өлкөлөр шериктеш, стратегиялык өнөктөш болуп эсептелет", — деп айтты Россиянын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Андрей Крутько.

Шейшемби күнү РФтин КРдеги элчилигинде Россиянын Диломатиялык кызматкеринин күнүн майрамдоого байланыштуу салтанат болуп өттү. Анда Жогорку Кеңештин депутаттары, кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү жана дипломатиялык ведомствонун жамааты катышты.

Өз сөзүндө элчи эң артыкчылыктуу маселелердин бири деп эки мамлекеттин Евразиялык экономикалык биримдиктеги кызматташтыгын атады.

"Кыргызстан менен Россия — эки шериктеш, эки стратегиялык өнөктөш. Биздин элдер бир жарым кылым бою бир мамлекетте жашап келген, эми акыркы 20 жылда болсо көз карандысыз тең укуктуу өнөктөш болуп эсептелет. Биздин өз ара аракеттешүүлөрүбүз жана кызматташууларыбыз өнүгүп гана келе жатат. Биз бардык тоскоолдуктарга, кара санатайлардын жасаган бардык бут тозууларына карабай, бирге болобуз деп ойлойм. Бардык аракеттерибиз, албетте, элибиздин жыргалчылыгы үчүн болмокчу", — деди Крутько.

Ошондой эле дипломат өз кебинде Улуу Ата мекендин согуштагы жеңиштин 70 жылдыгын белгилөө темасын да козгоду. 

"Биздин арабызда жүз миңден ашык ардагер жашап жатканына жана биз аларга биргелешип көңүл буруп жатканыбызга кубанычтуубуз, 9-майда Кызыл аянтта улуу аскердик жүрүш өтүп, анда кыргыз делегациясы да катышат. Жана Алмазбек Шаршенович да ал жакта болот деген үмүттөмүн. Бишкекте, эркиндикти сүйүүчү кыргыз элинин жеринде да салтанаттуу жүрүш өтөт. Менин ата-энем да согушка катышкан, алардын дүйнөдөн кайтканына 20 жыл болду… Президент Атамбаев да жоокердин уулу. Биз өз өмүрүн согуш талааларында калтыргандардын эстелигине таазим этип, сый-урматыбызды билдиришибиз керек", — деп баса белгиледи элчи. 

Ага жооп кылып КРдин өкмөтүнүн атынан тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов бул майрамдык салтанат үчүн ыраазылык билдирип, дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда чыр-чатактарды тынчтык жолу менен жөнгө салууда россиялык дипломатиянын салымын белгиледи.

"Россиянын дипломатиялык мектебинин көп кылымды карыткан тарыхы, жакшы салттары бар жана өзүнүн өнүгүү жолунда даңазалуу мезгилдерге бай. Бүгүн биз Кыргызстандын жаш дипломатиясынын калыптануусуна россиялык дипломаттардын кошкон салымы көп экендигин айта алабыз", — деди Бешимов.

Ошондой эле акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосунда ачык жана ак ниет диалог жөнгө салынып, анда актуалдуу маселелер талкууланып жана негиз түзүүчү мааниге ээ долбоорлорго кол коюлгандыгын белгиледи КР өкмөтүнүн өкүлү. 

10-февраль Россияда Тышкы иштер министрлигинин 200 жылдыгына карата РФтин президентинин 2002-жылдын 31-октябрдагы жарлыгынын негизинде Дипломатиялык кызматкердин күнү катары белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0