00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эшектин этин экспорттоо боюнча ветеринардык кызмат уруксат берген эмес

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүЭшек. Архив
Эшек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын аймагынан чет мамлекетке эшектин этин экспорттоо боюнча Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы "Кайтал" акционердик коомуна уруксат берген эмес.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Эшектин этин экспорттоо үчүн сойгонбуз деген "Кайтал" АКтын билдирүүсүнө Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы өз жообун берди. Аталган инспекциянын директорунун орун басары Ашырбай Жусупов кандай гана эт болбосун ал экспорттоло турган болсо Ветеринардык инспекциясына кайрылыш керектигин айтат.

"Ал эттер Кыргызстандын ички реестрине катталышы шарт. Эт экспорттой турган ишкана ветеринардык-санитардык нормаларды аткарышы керек. Керектүү процедаралардан өткөндөн кийин гана аларга уруксат берилет. Бүгүнкү күнү бул фирма ("Кайтал" АК авт.) бизден уруксат алган эмес. Экспортко дагы биз эч кандай уруксат берген эмеспиз", — дейт ал. 

Коомдук тамактануучу жайлар жапырт текшерилет

Жусуповдун айтымында, чуулгандуу маалыматтан улам Ветеринардык инспекциясы Санэпидкөзөмөл менен биргеликте шаардагы бардык коомдук тамактануучу жайларды текшерет.

"Санэпидкөзөмөл менен биргеликте Бишкек шаарында эт сатылган бардык түйүндөр – колбаса цехтери, шашлык жасаган, самсы саткан жерлер, коомдук тамактануучу жайлар жапырт текшерилет. Бишкек шаарынын 24 базарындагы ветеринардык инспекторлор чакырылып бир жуманын ичинде бир килограмм этке чейин текшергиле деп тапшырма бердик. Эгерде эттин коштомо документи жок болсо бары алынат", — деди ал.

Жусупов акыркы 3 жылдан бери Кыргызстандан эт экспорттоло электигин айтып, эгер эт экспорттоло турган болсо алардын да кабары болмок экенин кошумчалады.

"Эшек эттерин Гонконгго экспорттомокпуз деп аткан фирма бизден эч кандай уруксат түгүл, кайрылганда эмес. Биздин инспекция уруксат бермейинче эч бир эт сыртка чыгарылбайт", — дейт ал.

Союлган эшектердин ветеринардык справкасы болгон
"Кайтал" АКтын өкүлдөрү бүгүн маалымат жыйын берип, союлган эшектердин эттерин Гонконг шаарындагы зоопаркка экспорттой тургандыктарын билдирип, алардын ишмердиги тууралуу терс маалымат чыгып кеткендиктен этти экспорттоо иши токтоп калганын билдирген болчу.

Алар ошондой эле, союуга деп сатылып алынган эшектердин "оорусу жок" деген документтери бар экенин, мындай документи жок эшектер союлбаганын билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0