Министрликтин билдиришинче, жумушка орноштурулгандардын 3 215и аялдар жана 818и жаш өспүрүм балдар.
Ошондой эле, жумуш берүүчүлөр менен да иш алынып барылган. Жаштардын эмгек биржасынын кызматкерлери 1550дөн ашык мекеме-ишкананы кыдырып, 3700дөн ашык бош орун аныкташкан.
Андан сырткары, эмгек рыногундагы чыңалууну тең салмактоо үчүн "Бош орундар жарманкеси" уюштурулуп келет. 2014-жылы жалпысынан 52 жолу жарманке уюштурулуп, ага төрт миңден ашык киши жана үч жүзгө жакын жумуш берүүчү катышкан. Мындай жарманкенин жыйынтыгында 3 392 киши жумуш менен камсыздалган.
2014-жылдын 20-ноябрында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн да "Бош орун жарманкеси" уюштурулган.
Жаштардын эмгек биржасы реаблитациялык борборлордун жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларын да жумуш менен камсыздап келет. Былтыр эмгек биржасына 468 жаш өспүрүм кайрылган. Анын 281и туруктуу, убактылуу жумуштарга орноштурулган.