00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
14:50
8 мин
14:58
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
06:58
2 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Максимальный репост
Проект документа о регуляции работы «удаленщиков»: будет ли он работать на практике
16:05
21 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан улуттук инвестициялык фонд түзмөй болду. Эмне ши аткарат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Иногда не хватает нескольких баллов – почему престижно поступать на Медфак КРСУ?
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Россиялык режиссер кыргыздын Король Лирин жаратты. Король Лир спектакли тууралуу маек
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
20:06
37 мин
Ачык кеп
Мал базарлар, мал соючу жайлардын абалы кандай?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ажыларды ташый турган компания тандалбай калды

© Sputnik / Марк Агнор / Медиабанкка өтүүИслам. Архив
Ислам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тендердик комиссия ажыга баргандарды ташый турган компаниялардын документин 19-мартта карап чыгып, тиешелүү талаптарга жооп бербегендиктен кагаздарын толуктоого дагы бир апта мөөнөт берди.

БИШКЕК, 19-мар. – Sputnik. Ажылыкка бара турган зыяратчыларды ташый турган улуттук авиакомпаниялар 26-27-мартта тандала турган болду. Бул туурасында Муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Ажыларды ташуу үчүн тендерге катышууга арыз берген Кыргызстандын жана Сауд Аравиясынын улуттук авиакомпанияларынын документтерин тендердик комиссия 19-мартта толук эмес деп таап, аны толуктоого дагы бир жума мөөнөт берди.

Быйыл ажылык сапар кымбаттайт, анын так баасы марттын аягында белгилүү болот
Муфтияттын маалымат кызматы тендерге катышкан Кыргызстандын "Манас эйр" жана Сауд Аравиясынын "Флай-Нас" (Flynas) деп аталган улуттук эки авиакомпаниянын документтери толук болбой калгандыгын айтты. 

Зыяратчыларды ташый турган компанияларга жарыяланган тендер 16 талаптан турат. Зыяратчыларды кабыл алып жаткан Сауд Аравиясы ажылыкка келгендерди мамлекеттик авиакомпаниялар гана ташышы керек деген шарт койгон. 

Тендердик комиссияны Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгынын жетекчиси Максат ажы Токтомушев жетектеп, анын курамына муфтияттын, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жана УКМКнын өкүлдөрү кирген.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын бөлүм башчысы Бакыт Осмонов Sputnik маалымат сайтына 2015-жылдагы ажылык сапардын баасы кымбаттарын, бирок, ал авиакомпанияларга жарыяланган тендердин жыйынтыгынан кийин белгилүү болорун айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0