Президент Алмазбек Атамбаев 22-марттан 1-апрелге чейин Европа мамлекеттерин кыдырып жүрөт. Австрия, Франция, Швейцария, Бельгия, Германияда расмий сапар менен болуп, алардын башчылары менен жолугуп, мамлекеттер аралык кызматташууну талкуулайт.
Расмий сапардын алкагында Швейцариянын президенти Симонетта Соммаруга жана өлкөнүн экс-президенти Дидье Буркхальтер менен жолукту.