БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Борбор калаанын Жеӊиш аянтында 27-мартта Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына арналган "Эскерүү эстафетасы" жараяны өтүп, ага КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын демилгеси менен уюштурулган бул иш-чарага ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган депутаттар, КМШ ПАА делегациясы, согуш ардагерлери, өкмөт менен Бишкек мэриясынын өкүлдөрү, студенттер менен окуучулар катышты.
Салтанаттуу иш-чара Жеӊиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюу менен башталды. Алдыӊкы катарда Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери – Ленинградды коргоонун катышуучусу Анна Кутанова, ошондой эле Санкт-Петербургдан келген меймандар – Григорий Куприященко, Вячеслав Лялин, Петр Александров турду.
Иш-чара жүрүшүндө төрага Жээнбеков чыгып сүйлөгөн соӊ, КМШ ПАА Кеӊешинин төрайымы Валентина Матвиенконун видеокайрылуусу көрсөтүлдү. Андан сырткары, Согуш арадагерлеринин республикалык кеӊешинин төрагасы Тарас Токомбаев, РФ Федералдык Жыйынынын Федерация Кеӊешинин комитет мүчөсү Анатолий Лисицын, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Кыргыз улуттук аскер лицейинин 3-курсунун тарбыялануучусу Мырзакан Мамашев чыгып сүйлөдү.
Иш-чара алкагында Түбөлүк оттун тамызгысын берүү аземи болду. Тамызгы салынган куту КМШ ПАА делегациясы тарабынан Санкт-Петербург шаарына жеткирилет.
Иш-чара "Жашыл толкун" деп аталган Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгынын урматына көчөт отургузуу менен аяктады.
Эске салсак, "Жашыл толкун" жараяны ушул жылдын 11-мартында Белоруссиянын Минск шаарында башталып, андан ары Баку (Азербайжан), Кишинев (Молдова) шаарларында улантылган.
КМШ өлкөлөрүнүн баарынан алынган Түбөлүк от тамызгылары Санкт-Петербург шаарына жеткирилет. 16-апрель күнү КМШ ПААнын штаб-квартирасы жайгашкан Таврический сарайынын алдында өтүүчү салтанатта аталган ассамблеяга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү тарабынан Шериктештиктин символу катары от тамызгылары бир отту тутантмакчы.
КМШ ПАА факели андан ары "Ленинграддын каарман коргоочулары монументине" берилмекчи.