БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. "Журналисттерди коргоо комитети" (CPJ) бейкмөт уюму америкалык журналисттин Кыргызстандан чыгарып жиберилишин сынга алды деп билдирет РИА Новости.
Ош шаардык сотунун чечими менен америкалык жаран Кыргызстандын аймагынан чыгарылган. Бирок, АКШнын бейөкмөт уюуму жана анын Европа менен Борбор Азиядагы программаларынын координатору Нина Огнианова өлкөдөн чыгарып жиберилген жаран журналисттик иштерин аткарып жаткан болчу деп билдирди.
"АКШнын жаранын кармап өлкөдөн чыгарып жиберүү расмий Бишкек эркин журналисттерге карата жаман мамиле кыла тургандыгын көрсөтөт. Биз КРди коркутууларды токтотуп, ЖМК кызматкерлерине өз иш-аракеттерин эч коркунучсуз жана кесепетсиз жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүгө чакырабыз", — деди Огнианова.
Анын айтымында, журналист диний экстремисттердин табиятын иликтеп жана анын жүрүшүндө коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүчү жергиликтүү бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп жүргөн.
Уюмдун жабдуулары менен материалдарын күч органдары алып кеткендигин белгиледи Огнианова.
Америкалык жаран мурда Los Angeles Times басылмасы, IRIN жана Daily Beast жаңылык агенттиктери менен иштеген деп билдиришти бейөкмөт уюмунан.