БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев Ислам Каримовду кайтадан Өзбекстандын президенти болуп шайланышы менен куттуктаганын президенттин маалымат кызматы билдирди.
"Жакшы коңшулаштык, достук жана өнөктөштүк принциптеринде негизделген Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелер өлкөлөрүбүздүн жана боордош элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да бекемдей берээрине ишенем”, — деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.
Ошондой эле, Атамбаев Каримовго чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.
Ислам Каримов Өзбекстанды 1990-жылдан бери башкарып келет. Аны 1990-жылдын 24-мартында Өзбекстандын Жогорку совети президент кылып шайлаган. 1995-жылы Каримовдун президенттик ыйгарым укугу 2000-жылга чейин, 2002-жылы болгон референдумда президенттик мөөнөт 5 жылдан 7 жылдык мөөнөткө узартылган. 2007-жылдын 23-декабрында кезектеги президенттик шайлоо өтүп, Каримов шайлоочулардын 90 пайыздан ашык добушун алган.