БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Ош облусунун мамлекеттик салык кызматынын кызматкери рейд учурунда камакка алынган 360 бөтөлкө коньякты сатып, акчасын алып алганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
2014-жылдын мартында Ош облусунун Ноокат районуна жасалган рейд учурунда мыйзам бузуу аныкталып, ишкердин 360 бөтөлкө коньягы алынган. Ага инспекторго кармалган товарлар каттоо үчүн берилген. Бирок ал спирт ичимдиктерин сатып, акчасын өзү алып алган.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.