Шерзулло Абдрасулов Оштогу айыл мечитинин имамы аркылуу жихад жөнүндө маалымат алып, интернет аркылуу азгырылып кеткен экен. Оштон учуп, Түркия аркылуу Сирияга киргенге ага Оштун аймагында жүргөн радикал топтор жардам берген.
"Сирияда согуш талаасына алып барганда автоматты колдоно албадым. Бизди Башар Асаддын аскерлерине жакын жерге алып барды. Блок-постто алар улам алмашып турат экен. Түнкү 2лерде атышуу башталып, тик учактар асманда айланып, танктар жүрө баштады. Мен ыйлап качтым, кетем дедим. Фанат элем, барып ошолорду көрдүм. Туура эмес, жаңылып келгенимди билдим", — деп айтып берди Кыргызстандын атайын кызматтарына.
Кыргызстанга кайтканына 1,5 жыл болгон Шерзулло келгенден бери намазды таштаганын жана "жихадга" да тойгонун билдирди.