БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Бишкектеги жолбун иттерди көзөмөлдөө качан жөнгө салынат деген Sputnik сайтынын суроосуна "Тазалык" муниципалдык ишканасы жооп берип, 2014-жылы жана быйыл 3 ай ичинде 12 миң 219 жолбун ит атылып, кармалганын билдирди.
Шаардын Ленин районунда жолбун иттер көп. Быйыл эле ал жактан 630 ит кармалган.
Муниципалдык ишканадан билдиришкендей, иттерди кармай турган ар бир киши жасаган иштери боюнча отчёт тапшырып турат. Иттер отчёт үчүн сүрөткө тартылып, сөөгү Бишкектин таштанды полигонуна көмүлөт.
Шаардагы жолбун иттерди атуу жана кармоо менен 8 гана киши алектенгендиктен, калаанын санитардык-эпидомиологиялык абалын жакшыртууда зарыл иштер жетишерлик аткарылбай жатканын аткаминерлер моюнга алышат.
Шаар мэри Кубанычбек Кулматов шаардагы тентиген жаныбарлар маселесин конкреттүү түрдө чечүүнү коммуналдык чарба боюнча турак-жай департаментине тапшырганын мэриядан билдиришти.