БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын борбордук аянтына жүздөн ашык улгайган адам флешмобго катышып, массалык түрдө көнүгүү жасап, чуркап, кан басымын өлчөтүп жана кандагы канттын деңгээлин текшертишти.
Жыл сайын уюштурулган иш чара Дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата шаардык Эндокринологиялык борбор жана эл аралык "Хэлп Эйдж Интернэшнл" уюму тарабынан уюштурулду.
Бул жолу флешмоб "Мен сапаттуу медициналык тейлөөнү каалайм" деген ураан алдында өттү. Кары адамдар ушундай жол менен гериатрикалык медициналык кызматты өнүктүрүүгө жана Бишкекте геронтологиялык борборду курууга Саламаттыкты сактоо министрлигинин көңүлүн бурууну каалашат.
"Биздин пенсиябыз аз болгондуктан, дарыгерге барганга жетпейт. Биз ар бир облусту көчмө клиника менен камсыздап берүүгө чакырабыз", — дейт ардагер Вера Усеновна.
Бул иш чарага Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, Бишкек шаарынын Саламаттык сактоо департаментинин башчысы Амангелди Мурзалиев жана Кызыл Жарым Ай коомунун өкүлдөрү катышты.