00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Максимальный репост
16:04
45 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Фабрикантов: Георгий тасмасынын жаңы түсү жөнүндө мэрия кеч айтты

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүГеоргий тасмасынын жаңы түсү жөнүндө мэрия кеч айтты
Георгий тасмасынын жаңы түсү жөнүндө мэрия кеч айтты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Георгий тасмасын Кыргызстандын желегинин түсүнө боё демилгеси менен чыкты делген Бишкек шаарынын мэриясынан азырынча комментарий алуу мүмкүн эмес.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Георгий тасмасын Кыргызстанда эң көп таратуучу "Народный" соода маркасынын жетекчилиги эмне үчүн "борбор шаардын мэриясы Георгий тасмасынын түсүн өзгөртүү туралуу кеч айткандыгын" түшүнбөйт.

7-апрелде Интернетте Георгий тасмасы быйыл Кыргызстандын желегине окшош кызыл-сары түскө өзгөртүлөрү жөнүндө маалымат пайда болду. Мындай демилге менен борбор шаардын муниципалитети чыкты деп айтылат анда. Тактап айтканда, ЖМК малыматтары боюнча, бул тууралуу вице-мэр Айгүл Рыскулова билдирген.

"Народный" соода маркасы Кыргызстанда Георгий тасмасынын эң ири таратуучусу экендиги белгилүү. "Народный" 2010-жылы акцияга кошулгандан бери республика боюнча 250 миң тасма акысыз таратылган. Быйылкы жылы соода түйүнүн жетекчилиги 30 миң тасма сатып алууга дээрлик 200 миң сом сарптаган.

"Народный" соода түйүнүн маркетинг бөлүмүнүн башчысы Сергей Фабрикантов бийликтин демилгесинде эч жамандыгы жок дейт, бирок анын көз карашында мунун баарын эртерээк жана туурараак жасаш керек болчу. 

"Азыр болсо анча туура эмес болуп жатат. Эгер эртерээк муну талкуулап, ойлонуштурса, биз да кошулуп, тасманы жаңы символдун түсүндө даярдатмакпыз", — дейт Фабрикантов.

"Народный" Георгий тасмасын Бишкекте, Чүй жана Ысык-Көл областтарында жайгашкан өзүнүн соода түйүндөрүндө таратат.

Бул маселе боюнча компетенттүү адамдарын иш ордунда жоктугун айтуу менен, азырынча Бишкектин мэриясында Георгий тасмасынын түсүн өзгөртүү тууралуу маалыматка комментарий берише элек.

Георгий тасмасынын пайда болуу тарыхы

Георгий тасмасы — Ыйык Георгий ордени, Георгий крести, Георгий медалы тагылуучу эки түстүү тасма. 1769-жылы 26-ноябрда орус-түрк согушунун (1768-1774) жүрүшүндө Екатерина II тарабынан эрдигинен жана акылман кеңешеринен көрүнгөн Орус падышачылыгына берилгендиги, каармандыгы жана падышачылыктын бейкуттугу үчүн акылын көрсөткөндүгү үчүн сыйлоо максатында түзүлгөн. Лента Жеңүүчү Георгийдин наамына аталган. 1917-жылдан 1943-жылга (Даңк ордени) жана 1945-жылга ("1941-45-жылдарда Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендик үчүн" медалы) чейин бир да советтик мамлекеттик сыйлыкта колдонулган эмес. Бирок ал Ак аскерлерде, Орус корпусунда мурдагыдай эле колдонулуп, советтик сыйлыктар — Даңк ордени менен "Германияны жеңгендик үчүн" медалынын ленталарынын, ошондой эле Гвардиялык тасманын прототиби болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0