БИШКЕК, 14-апр — Sputnik. Май майрамдарынын бардыгы Кыргызстанда календарга ылайык болот деп билдирди Sputnik маалымат сайтына Эмгек, миграция жана жаштар министринин маалымат катчысы Айсулуу Исабекова.
Анын айтымында, жумага туура келсе да, 1-май эмгекчилер майрамы болгондуктан эс алуу күнү болот. Дагы бир майрам — 5-май КРдин Баш мыйзамынын күнү. Ал эми 9-май ишембиге туура келет.
Эмгек Кодексине ылайык, эгерде эс алуу күнү майрамга туура келсе, ал кийинки иш күнгө которулат, андыктан, 11-майда кыргызстандыктар эс алат деди Исабекова.